Түркиянын куралдуу күчтөрү Сириянын соккусуна жооп берди

Түркиянын куралдуу күчтөрү Сириянын соккусуна жооп берди

Түркиянын куралдуу күчтөрү Идлибде Сирия армиясынын артиллериялык соккусуна жооп кылып алардын 101 жерин талкалады. Бул тууралуу РИА Новости Түркиянын Коргоо министрлигине шилтеме берип, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Сирия армиясынын 115 жери аткыланып, 101ине тийген. Анын ичинен үч танка жарактан чыгып, бир тик учак атып түшүрүлгөн.

Буга чейин министрлик Сирия тараптын аткылоосунан түркиялык беш аскер каза таап, дагы беш жоокер жаракат алгандыгын кабарлаган. Өткөн аптада Түркия Идлибдеги абал курчуп турган аймактагы байкоочу жайга атайын даярдыктагы аскерлерди түшүргөн.

Анкара чыгып кетпестен, ал жайды бекемдеп жаткандыгын Түркия президент Режеп Тайип Эрдоган 4-февралда айткан. Бул расмий Анкара сириялык тараптын артиллериялык аткылоосунан түркиялык беш аскер жана үч жай жаран каза тапты деген билдирүүсүнөн кийин болду. Эрдоган Түркиянын куралдуу жооп кайтаруусунан сириялык 76 аскер каза тапкандыгын жар салган.

Белгилей кетсек, 5-февралда Россия менен Түркия лидерлери — Владимир Путин жана Эрдоган телефондон сүйлөшкөн. Анда Түркия президенти россиялык кесиптешин Сирия башчысы Башар Асадга армиясы Идлибге кол салуусун токтотуп, түркиялык байкоо жайларынан оолак болушуна таасир этүүгө чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости