Түгөлбай Казаков: “Мен даабатчыларды көп көрдүм, же кечээки аракечтер, же билими жок, самтыраган дамбалды кийип алган, башы бопбош балдар”

Түгөлбай Казаков: “Мен даабатчыларды көп көрдүм, же кечээки аракечтер, же билими жок, самтыраган дамбалды кийип алган, башы бопбош балдар”

Жалпы журт тааныган композитор, журналист Түгөлбай Казаковдун пикири социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда,-деп жазып чыккан ua.kg маалымат агенттиги.

https://www.youtube.com/watch?v=K742NSkqIp8

Анда Түгөлбай Казаков:

Кандай адамды мусулман деп айтабыз? Бул ойлоно турган маселе. Экинчиден, шариатта “Алладан башка Алла жок” деп айтылат; кыргыздарга келгенде “Алладан башка Теңир жок” деп айтышат. Бул эреже кайдан, кайсы эл үчүн чыккан? Биринчи ушуну тактабайлыбы? Мисалы, туулгандан эле элдин баары мусулман деп айтышат. Андай болбойт да…Диндин өзүнүн эрежеси бар, илгерки арабдар жазган эрежеси. Кыргыз эли ислам дини түптөлгөнгө чейин эле жашап келген, Орто Азиядагы эң байыркы эл. 1850-жылдарда Чокан Валиханов Кыргызстанга келгенде “ислам ибадаттарынан кыргыздардын түшүнүгү жок экен, азыр гана татар, өзбек молдолор пайда болуп баштаптыр” деп жазат. Бул тарых, бул китепте жазылып турат, муну эч ким танган жок. Бүгүнкү күндө исламчылар агрессивдүү болуп атат. Сүйлөшө келгенде кагып-силкип, келесоо тутушат. Ислам дининде башка элдердин башка өлкөгө барып ошолордун каада-салтын, үрп-адатын өзгөрткөнгө укуктуу деген жери барбы?

Эгер Мухаммед пайгамбар ошондой деп айтып кеткен болсо, анда ойлонолу.

Кудай динден, саясаттан эркин жаратат, андан кийин барып башы байланат адамдын. Ошондон улам кыргыздар илгертеден өзүнүн эркиндиги үчүн жанын сайып келген эл. Бүгүнкү күндө кыргыздын каада-салтын өзгөртүп жиберебиз деген жакшы саясат эмес. Мисалы кыргыздар барып арабдардын жашоо-турумушун өзгөртөбүз деп аткан жок да. Эмне үчүн бул жердеги кыргыздардын турмушун арабдардын турмушуна тууралап өзгөртүш керекпи?

Сүйлөшө келгенде кагып-силкип, келесоо тутушат. Ислам дининде башка элдердин башка өлкөгө барып ошолордун каада-салтын, үрп-адатын өзгөрткөнгө укуктуу деген жери барбы?

Эгер Мухаммед пайгамбар ошондой деп айтып кеткен болсо, анда ойлонолу.

Кудай динден, саясаттан эркин жаратат, андан кийин барып башы байланат адамдын. Ошондон улам кыргыздар илгертеден өзүнүн эркиндиги үчүн жанын сайып келген эл.

Бүгүнкү күндө кыргыздын каада-салтын өзгөртүп жиберебиз деген жакшы саясат эмес.

Мисалы кыргыздар барып арабдардын жашоо-турумушун өзгөртөбүз деп аткан жок да. Эмне үчүн бул жердеги кыргыздардын турмушун арабдардын турмушуна тууралап өзгөртүш керекпи?

Ал эми Кыргыздарда бүгүн абдан өкүнүчтүү нерсе болуп атат. Себеби кыргыздардын көпчүлүгү башка диндерге кирип кетип атат. Бизге миссионерлер келип кыргыздарды башка нукка буруп атат.

Ал эми даабатчылардын билим деңгээли, жүрүм-туруму адамдарды мусулман дининен кеткенге аргасыз кылып атат, үркүтүп жатат.

Мен даабатчыларды көп көрдүм, же кечээки аракечтер, же билими жок, самтыраган дамбалды кийип алган, башы бопбош балдар.

Ушундай да пропаганда болобу?

– деп суроо салган коомдук ишмер.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости