Токио 2020: Кыргыз курама командасынын формасын кайсыл компания бекер даярдап берет?

Токио 2020: Кыргыз курама командасынын формасын кайсыл компания бекер даярдап берет?

«Токио 2020» олимпиадасынын катышуучуларына Кытайдын «Tectop» компаниясы бекер форма даярдап берет. Бул тууралуу Улуттук Олимпиадалык Комитетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылы өтө турчу «Токио 2020» олимпиадасынын катышуучуларына форманы кытайдын компаниясы акысыз тигип берет.

Мындан тышкары, Улуттук Олимпиадалык Комитет спорттук форманы гана даярдамакчы. Ал эми параддык форманы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги даярдайт.

Эске салсак, аталган компания 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында да кыргыз курама командасына бекер форма даярдап берген.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости