Темир Сариев мурун гүл көтөрсө, эми куран китеп көтөрүп алып.

Темир Сариев мурун гүл көтөрсө, эми куран китеп көтөрүп алып...

Президент болот элем деп ак эткенден так эткендердин катарын толуктаган Темир Сариев үгүт иштерин элден биринчи баштаган эле. “Чабаал өрдөк эрте учат” дегендей эле Сариев эрте баштаганы менен учурдагы рейтинги көңүл толоорлук эмес.

Темикең муну көрсө дагы болбой эле теминип жаткандай. Буга чейин Ислам институтуна көңүл бөлбөгөн Сариев кечээ капысынан 18-кылымда жазылган куран китепти окуу жайга белекке бере салды.

Көрсө белекке китеп берген Сариевдин көөнү исламда эмес, окуу жайдын аалымдарынын бири Чубак ажы Жалиловдо экен. Себеби ислам дининде гана эмес Кыргызстанда өзүнүн салмагы бар ажыкени өзүнө имерип, мен Президент болсом тим эле ислам тармагына көңүл бөлүп жыргатам деген таризде, университетке даават айткандагы кербези экен да.

Болбосо өкмөт башчы болуп турганда же андан кийин белек кылбаган баалуу таберик ыйык китепти эми тапшыра салган Темикенин тапкычтыгына баракелде деп тим болосун.

Булак: “Айгай-пресс”

Назар Новости