Текебаев телефон жана компьютер колдонбойт

Текебаев телефон жана компьютер колдонбойт

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев үй камагынын тартибине ылайык кол телефон, компьютер менен колдонбой жаткандыгын айтты. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысынын эфиринде маек куруп жатып билдирди. “Мага телефон, компьютер менен колдонууга болбойт. Мына алдымда телефон турат, бирок аны мен колдонуп, сүйлөшө албайм. Маалымдама катары эле колдоном. Соттун чектөөлөрү парламенттик шайлоого даярданууга тоскоол жаратат. Соттун уруксааты жок аймактарга чыга албайм”,- дейт Текебаев.

Андан сырткары, “Конституциянын атасы” “Ата Мекен” фракциясынын парламенттеги мурдагы лидери, экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов менен кезигишип, сүйлөшө электигин айтты. “Мен Шыкмаматов менен жолугушуу издеген жокмун. Ал кетээрде партия, мени менен коштошкон жок” – деп кошумчалаган экс-депутат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости