Тажик чек арачылары Кыргызстан тарапка мыйзамсыз өтүп кетишти

Тажик чек арачылары Кыргызстан тарапка мыйзамсыз өтүп кетишти

Кечээ, 29-февралда Лейлек чек ара отрядынын чек арачыларына жергиликтүү тургундан саат 17:30да Сай аймагында Тажикстандын эки куралсыз чек арачылары Кыргызстандын аймагына өткөнү тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге отряддын башчысы барып, тажик чек арачылары Кыргызстандын жаранын көргөндө кайра Тажикстан тарапка өтүп кеткени тууралуу кабардар болгон.

Аталган факт боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары жолугушкан. Кыргызстан тарап тажик чек ара өкүлүнөн Тажикстандын чек арачылары Кыргызстан тарапка мыйзамсыз өткөнү тууралуу түшүндүрүүнү талап кылды.

Тажикстандын чек ара өкүлү чек арачылар атайын белгилер жоктугунан адашып линиядан өтүп кетишкени менен түшүндүргөн жана аталган факт боюнча териштирүү болоорун айткан.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости