Талас облусунда коронавируска чалдыккандар барбы? Өкмөттүн жообу

Талас облусунда коронавируска чалдыккандар барбы? Өкмөттүн жообу

Талас облусунун Манас районунда коронавируска чет элдик жарандын чалдыкканы аныкталды деген маалымат жалган жана чындыкка коошпойт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

7-мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустун чыккан учуру катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Акыркы күндөрү социалдык түйүндөр жана мессенджерлер аркылуу коронавирус жуктурган Түркиянын жараны Талас облусундагы Манас районун Покровка ооруканасына жаткарылганы тууралуу жалган маалымат тарап жатат.

Бул жалган аудионун автору Талас обусунун Манас районунда жашаган Кыргыз Республикасынын жараны экени аныкталды.

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб жарандарды Кыргыз Республикасында инфекция чыкканы тууралуу жалган маалыматтарды социалдык түйүндөр жана мессенджерлер аркылуу таратпоого, жоопкерчиликсиз билдирүүлөр менен элди дүрбөтпөөгө чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости