— Табылды мырза, президенттин партиялар арасында саясий аттандаштыкты орнотуу аракети оңунан чыгабы же аны да ара жолдо таштагысы келгендердин кызыкчылыгы жогору болуп кетеби?
— Президент Сооронбай Жээнбеков өткөндө парламентке барганда жакшы эле айтты го, “бардык зарыл болгон мыйзамдарды карап чыгып, кабыл алып бергиле” деп. Анын ичинде, «Саясий партиялар» жөнүндөгуү мыйзамга да өзгөртүүлөрдү киргизип, кабыл алып бергиле деди. Ошондой эле Президент өкмоттун негизи милдети бул парламенттик шайолоолорду демократиялык негизиде өткөрүү, экинчиси сапатту парламентти чакыруу. Мына ушул эки проблема эң актуалдуу маселелер экенин баса белгиледи. Ажонун сөзүнөн кийин кыргыз коомчулугу эмки парламент өтө сапатту болобу деп үмүттөнүп жатат. Себеби, Атамбаев парламентке клон партияларды алып келип алган үчүн парламенттин сапаты начарлаган. Эми Жогорку Кеңеш тийиштүү мыйзамдарды кабыл алып, абалды жакшы жагына бурушу керек.
— Президенттин мандатты кимге берүүнү партия лидери эле чечпей турган кылабыз деген аракети парламенттен, коомчулуктан колдоо табабы же өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген партия лидерлери аны жокко чыгарып салабы?
— Менимче, табат. Себеби, парламенттеги депутаттар өздөрү лидерге көз каранды болгулары келбейт да. Ошондуктан, алар биринчи кезекте кызыкдар болушу керек.
— Неге беш айдан бери партиялардын жоопкерчилигин жогорулаткан партиялар жөнүндө жазылган жаңы мыйзам парламентте каралбай жатат?
— Бул парламенттин мөөнөтү бүткөнү калды. Балким кийинки парламенттик шайлоолорго калтыралы деп жатышса керек. Саясатчылар арасында да ушундай сөздөр бар.
— Эмне үчүн бул мыйзамды азыркы шайлоого эмес, кийинки шайлоого колдонолу дегендердин саны көп болуп жатат?
— Атамбаев парламентке 4 клон партияларды алып келген. Бүгүн алардагы парлменттик шайоого катышканы турушат. Кыязы, кийинки парламентке жаңы партиялар келсе, андан соң жаңы мыйзам кабыл алып, жаңылык киргизсек деп жатышат окшойт.
— Парламенттик босогонун 7 пайыз болушу туура элеби же бул да Кыргызстандагы партиялар үчүн кыйынчылык жаратабы?
— Мен буга чейин дайыма 7 % туура деп келгем. Бирок, акыркы процесстерди баамдасам, 5% кылып кабыл алсак да болчудай экен. Себеби, 7% дегенибиз менен, аялдардын квотасы 30%га көбөйтүлгөнү айтылып жатат. Башкача айтканда, ар бир үчүнчү талапкер аял болуусу керек. Бул норма партияларды олигархтарга көз каранды кылат. Себеби, бизнесмен аял кандидаттар саналуу гана болот. Эгер аялдар көп болсо, анда алардын укуктары бирдей болуп, бардыгы эле 200 миңден акча чыгарбайт да. Менимче, бул норманы кайра карап чыгыш керек го.
— Мыйзамдагы дагы кандай нормалар саясий партиялардын эркин конкуренциясына тоскоолдуктарды келтириши мүмкүн?
— Мындан башка, мыйзам боюнча саясий партиялар парламенттик шайлоолорго катышыш үчүн өтө чоң күрөө коюшат. Ал күрөө койгон акчанын өлчөмүнүн өтө көптүгү да, партияларды олигархтарга көз каранды кылат. Ошон үчүн парламентке интеллигенция өкүлдөрүнүн келиши өтө кыйын болуп жатат. Партия лидерлери рекламага акча табыш үчүн, интеллигенцияны тизмеге киргизүүгө кызыкдар болбой жатат. Партияны парламентке киргизүү лидердин милдети. Ошон үчүн ал акчалуу адамдарга көз каранды болуп калып жатат.
Чынайым Кутманалиева
Булак: «Майдан.kg»