СҮРӨТ- UFCнин президенти Дана Уайт: Хабиб ыйык Рамазан айын күтөт

СҮРӨТ- UFCнин президенти Дана Уайт: Хабиб ыйык Рамазан айын күтөт

UFC нин президенти Дана Уайт Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун ортосундагы реванш-беттеш качан болоору тууралуу айтты. Уайттын айтымында мелдеш 2020-жылдын күз айларында болушу мүмкүн.

Эскерте кетсек, эки спортчу 2018-жылы октябрь айында кезе келип, анда Хабиб 4-раундда муунтуу ыкмасы менен жеңишке жеткен. Беттештен кийин Хабиб менен Конордун тарапташтары мушташа кетишип, Хабиб чемпиондук курду бир канча убактан кийин гана алган.

UFCнин учурдагы жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегор менен реваншка чыгууга макулдугун берген.

Орусиялык мушкердин атасы: “Бизге дагы Конор менен реванш керек. Бирок 100 миллион доллар бергиле. Фергюсон менен беттештин эртеси ушул сумманы беришиңер менен реванш өткөрөбүз. Бул беттешти Дана Уайт каалап жаткан болсо, уюштурсун”,-деп айткан Абдулманап Нурмагомедов.

Дана Уайт: “Хабиб менен Тонинин беттешинен кийин мусулмандардын ыйык-Рамазан айы башталат. Орусиялык мушкер аны күтөт. Ошондуктан беттештин болжолдуу убагы деп сентябрь, октябрь жана ноябрь айларын көздөп жатабыз”,-деп билдирген.

Time for business. #UFC246

Публикация от ufc (@ufc)

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости