СҮРӨТ-Төрт ай мурун белгисиз жоголгон жаран изделүүдө

СҮРӨТ-Төрт ай мурун белгисиз жоголгон жаран изделүүдө

Милиция кызматкерлери 4 ай мурун үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбеген кишини издөөдө. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымака ылайык, Чүй облусунун Сокулук районуну ИИБи 1991-жылы туулган Халмурат уулу Курбановду издөөдө. 2019-жылы 3-октябрда Сокулук айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 166 см, арык келген, чачы кыска, кара түстө, сакалы бар.

Өзгөчө белгилери: психикалык жактан жабыркап келет. Кийген кийими көк түстөгү жинсы шым, көк жинсы куртка, бутунда кара түстөгү кроссовка.

Халмурат.у.К. тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо Сокулук райондук ИИБи төмөнкү номурларга кабарлоону суранат:

0312 60 75 67, 0709 35 35 29, 0558 86 14 86 же 102

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости