Сүрөт-татынакай геймер кыз 116 жылга эркинен ажыратылды

Бразилиялык мурунку киберспортчу, геймер Шаен Викторио алдамчылык үчүн 116 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу «Матч ТВ» телеканалы билдирүүдө.

Бразилиянын ЖМКлары маалымдагандай, Шаен өлкөдө 100дөн ашуун кардарды алдаган интернет-дүкөндүн кош ээси болчу. 2013-жылдан 2017-жылга чейин компания акча алып, бирок акчаны кайтарбастан сатып алган буюмду жеткирип берчү эмес.

??❤️? @viclauria.fotografia

Публикация от Shay Victorio (@shayvictorio)

Кыз өзү бул коюлган айыптарды четке кагып, чыныгы алдамчы анын мурунку күйөсү экенин айткан. Ал доо арыз менен кайрылууга ниеттеним жатат.

Бразилиянын мыйзамына ылайык, чыккан өкүмгө карабастан, түрмөгө отурганы 40 жылдан ашык эмес болушу керек.

Виктори 10 жылдан ашуун ShAy деген ник менен Counter-Strike: Global Offensive (CS:GO) профессионалдуу сахнага чыгып келген. 2019-жылы карьерасын жыйынтыктап, стример болуп баштаган. Шаен өзүнүн карьерасында болгону 600 доллар тапкан эле.

Кыз көбүнчө бразилиялыккиберспортсмен Фернандо (fer) Альваренго менен болгон мамилеси менен белгилүүү. Алар эки жыл сүйлөшүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости