Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2019-жылдагы ишмердүүлүктөгү жетишкендиктери үчүн ыйгарылган «Мыкты ички иштер органы» өтмө туусу бүгүн 3-февралда Жалал-Абад ОИИБне алынып келинди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, Жалал-Абад ОИИБнин башчысы, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов өздүк курамды өлкө аймагында мыкты болуусу менен куттуктап, бул ийгиликке жетүүдө ар бир кызматкердин салымы бар экендигин белгиледи.
Ошондой эле, ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн улук инспектору Осмонбек Турдукуловго кезектеги майор наамы ыйгарылды.