СҮРӨТ-Кыргыздын "сары кызы" Чукагян менен беттешке кандай даярданып жатканын көрсөттү

СҮРӨТ-Кыргыздын

Жеңил салмактагы UFC чемпиону Валентина Шевченко титулин коргоп калуу үчүн эми америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешет..Маалыматка ылайык, эки мушкер 2020-жылдын 8-февралында АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаарында UFC 247 турниринде беттешишет.

Эки мушкердин көз карашынын дуэли болуп өтүп, аны UFC уюмунун социалдык баракчалары аркылуу чагылдырды.

Ал эми кыргыздын “сары кызы” бул мелдешке карата атайын фотосессия жасаган. Анда курду асынып, кооз көйнөк кийип, макияж жасап, өз күйөрмандары менен социалдык баракчалары аркылуу бөлүшүүдө.

31 жаштагы спортчунун эсебинде ММАда 18 жеңиши, 3 жеңиш ызасы бар.

Ал эми анын алдыдагы каршылашы Чукагяндын 13 жеңиши жана 2 жеңилүү ызасын тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости