СҮРӨТ- Илбирстер Жаабарс жана Ак-Мөөр боюнча жаңы жагдайлар маалымдалды

СҮРӨТ- Илбирстер Жаабарс жана Ак-Мөөр боюнча жаңы жагдайлар маалымдалды

Таластагы табылган жарадар илбирс эркиндикте кармалбаган болушу мүмкүн. Жаабарсты бирөө атайын же коркуп кетип атып алышы ыктымал. Бул тууралуу «Айлана чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу» департаментинин жетекчиси Алмаз Мусаев тегерек столдо билдирди.

“ Адистер илбирстин өзүн алып жүргөнүнө караганда ал үйдө кичинекейлигинен тарта кармалгандыгын айтышууда. Мүмкүн ал ошол жерден качып, мергенчилерге жолдон жолугуп калышы ыктымал”,-деп билдирген ал.

Алмаз Мусаевдин айтымында чачыратма ок атуучу курал алгыр куштарга аңчылык кылуу үчүн колдонулат.

“Балким мергенчи атайын же коркуп кеткендиктен атып салгандыр. Укук коргоо органдары кырдаалды иликтешүүдө. Кылмыш иши да козголгон”,-деп маалымдаган ал.

Ал эми Нарында кармалган илбирс боюнча Мусаев ал өз алдынча аңчылык кыла албагандыктан ылдыйга түшкөн деген пикирде. “Жаратылышта 14 жыл жашоо жакшы көрсөткүч. Негизи илбирстер 13-15 жыл жашашат. Зоопаркта болсо 20 жылдын тегерегенинде өмүр сүрөт”,- деп кошумчалады жетекчи.

Эскерте кетсек, 9-январда Таластагы бакта жаралуу илбирсти табышкан. Ал Бишкекке алып келинип, чачыратма огун алуу үчүн операция жасалган. Илбирске Жаабарс деген ысым ыйгарылган.

Экинчи илбирс Нарын облусунан табылып, ал малга кол салууга аракет кылган. Бул ургаачы илбирс ачык турган сарайга кирип, качкан эмес. Илбирс болжол менен 11-12 жаштарда. Ага Ак-Мөөр деген ат коюлду.

Эскертке кетсек КРда илбирске аңчылык кылгандар 1,5 миллион сом айып пул төлөйт.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости