Сүрөт — гүлнур асанова өзүнөн кичүү мырзага турмушка чыкканы үчүн сынга кабылды

Сүрөт - Гүлнур Асанова өзүнөн кичүү мырзага турмушка чыкканы үчүн сынга кабылды

Шоу бизнестеги ажарлуу ырчы айымдардын катарын толуктаган Гүлнур Асанова 5-июнь күнү өзүнүн сүйүктүүсү Бактыяр Аубакировго кыргыздын салты менен турмушка чыгып, Таласка келин болгон. Түгөйлөрдүн кыз узатуу тоюна конок болуп барган эстрада жылдыздары тойдон эксклюзивдүү сүрөттөрдү социалдык баракчаларга байма-бай жүктөшкөн.

Мына ошол сүрөттөрдүн алдына жана “Фейсбук” социалдык тармагына Гүлнурдун өзүнөн үч жашка кичүү мырзага турмушка чыкканын ачык жазышып, “Шоу бизнесте өзүнөн кичүү мырзаларга турмушка чыккан модага айланганбы? Башка күйөө тапкан эмес го… ” деп сындагандар көп болду.

Ырчы айым кимди тандап турмушка чыкса да, албетте өзүнүн иши. Бирок, аша чаап сындагандар кимдер? Бул тууралуу жакында Гүлнур менен болгон маекте кеңири сөз кылабыз!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Назар Новости