Сүйүшкөндөр күнүндө жигит кызын бычак менен өлтүрүп, өз жанын кыйган

Сүйүшкөндөр күнүндө жигит кызын бычак менен өлтүрүп, өз жанын кыйган

14-февралда сүйүшкөндөр күнүндө Тажикстанда жигит сүйлөшкөн кызын өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйган. Бул тууралуу тажик басылмалары билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Душанбе шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде болгон. 27 жаштагы бала кызы менен урушуп кеткен.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, конфликт учурунда 25 жаштагы бирге жашаган кызга бычак менен сайып, андан кийин өз жанын кыйган.

Душанбенин ИИБи “Эки адамдын өлтүрүлүшү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости