Сот аткаруучу өрдөк этинен “күйүп кетти”. УКМК аны кармады

Сот аткаруучу өрдөк этинен “күйүп кетти”. УКМК аны кармады

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Биринчи май райондук сот аткаруучу С.Н.А кармалды. Ага кызматынан кыянаттык менен пайдалунуу боюнча документтер толтурулду. Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 23-майында Биринчи май райондук соту укук коргоо кызматкерлери тарабынан конфискацияланган контрабандалык 70 тонна өрдөк этин жок кылуу боюнча чечим чыккан.

Иштин аткарылышы сот аткаруучу С.Н.Ага жүктөлгөн. Бирок, сот аткаруучу соттук чечимди толугу менен аткарбастан кызматынан кыянаттык менен пайдаланып кеткен. Айтсак, ал жок кылына турган 70 тоннанын 5 тоннасын гана жок кылып, калганын жеке ишкерлерге сатып жиберген. Ал “ишкерлгинен” сот аткаруучу 150 миң доллар пайда тапкан.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына алынды.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости