Сооронбай Жээнбеков 5 Жарлыкка кол койду

Сооронбай Жээнбеков 5 Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 5 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

3 Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1776 адам кабыл алынат (анын ичинен 1446 — чоң адамдар жана 330 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

2 Жарлыкка ылайык, 964 адам (анын ичинен 747 — чоң адамдар жана 217 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.

Бардыгы 2740 адам кайрылышкан (2193 — чоң адамдар жана 547 — балдар).

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости