Өлкө башчы улуу ата мекендик согуштун ардагери кошон байматовдон кабар алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Баткен облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнүндө Лейлек районунун Раззаков айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кошон Байматовдон кабар алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы менен баарлашууда ардагердин балдары менен неберелери Кошон Байматовдун согуш жылдары жөнүндө айтып беришти.

Кошон Байматов 1922-жылы 2-майда туулган. 1942-жылы өз ыктыяры менен фронтко кеткен. Фашисттик баскынчылардан бошотуу боюнча көптөгөн операцияларга катышкан. Сталинграддан Берлинге чейин даңктуу аскердик жолун басып өткөн.

Согуш мезгилинде көрсөткөн эрдиги үчүн «Кызыл Жылдыз» ордени, «Германияны жеңгендиги үчүн», «Варшаваны бошоткондугу үчүн», «Берлинди алгандыгы үчүн» медалдары жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

Согуштан кийин Кошон Байматов өз айылына кайтып келип, айыл чарба тармагында эмгектенген.

Мамлекет башчысы ардагер менен анын балдары жана неберелеринин курчоосунда баарлашып, эстеликке сүрөткө түштү.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости