Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Жогорку сотуна барды

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Жогорку сотуна барды

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-мартта өлкөнүн Жогорку сотуна барды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү жана Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун (МИБ) ишмердүүлүгү менен таанышып, Жогорку соттун судьялары менен жолугушту.

«Биз жарандардын, мамлекеттин тагдырларына түздөн-түз таасир этүүчү бийликтин бир бутагы болгон сот системасына материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Сот системасына талаптар жогору болот. Силер санарип трансформациянын авангардында болуп, мамлекеттик бийликтин башка органдарына үлгү болушуңар керек. Соттор жарандар акыйкаттык издеген акыркы инстанция болуп эсептелинет. Силердин өзгөчө миссияңар — адилеттүү коомдо жашоо үчүн шарт түзүү. Соттордо акыйкаттык орнотулмайын, экономикалык, социалдык чөйрөдө, мамлекеттик башкаруу тутумунда реформаларды ишке ашырууга мүмкүн эмес. Андыктан, силердин ишмердүүлүгүңөр түздөн-түз өлкөнүн өнүгүүсүнө таасир этет», — деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүнкү күндө биринчи интстанциядагы 64 сот жана экинчи инстанциядагы 2 пилоттук сот туташтырылган. 2020-жылга карата экинчи жана үчүнчү инстанциядагы сотторго сот АМТсын киргизүү мерчемделген.

Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун негизги максаты сот бийлигинин маалыматтык тутумун башка мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдары менен коопсуз байланыштырууну уюштуруу, аларды «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри, Бузуулардын бирдиктүү реестри, Мамлекеттик каттоо кызматынын базасы, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Мамлекеттик салык кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен интеграциялоо болуп саналаары белгиленди.

Мындан сырткары, МИБде соттун автоматташтырылган маалыматтык тутуму, «АМТ-Карыздарлар реестри», сот системасындагы статистикалык маалыматтарды жыйноо жана иштеп чыгуу тутумун сактаган борбордук системалар жайгашкан.

Бүгүнкү күндө Жогорку соттун архивинде 1960-жылдардан берки соттук материалдар сакталган, материалдарды санариптештирүү иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости