Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-мартта, Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу судьялар жана сот системасынын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Өлкөбүздө жүрүп жаткан соттук-укуктук реформалардын максаты — жарандарыбыздын укуктарын натыйжалуу коргой ала турган, мыйзамдуулукту бекем сактаган, адилет, көз карандысыз соттук корпусту түзүү.

Бул реформанын ийгилиги — элибиздин ишенимине арзыган, адамдардын укуктарынын сакталышын кынтыксыз камсыздаган акыркы инстанцияны калыптандыруу жана коомдун талаптарына жооп берген, улуттук кызыкчылыктарды коргоого жөндөмдүү сот системасын орнотуу менен өлчөнөт.

Мамлекет тарабынан артылган судьялык жогорку жана ардактуу милдеттерге жоопкерчиликтүү мамиле кылып, элибиздин үмүтүн актап, мыйзамды бийик сыйлаган кесипкөй адис болосуздар деп ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, ишиңиздерде ийгиликтерди каалайм!»

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости