Сооронбай Жээнбеков каржы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды

Сооронбай Жээнбеков каржы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды

Бүгүн, 16-мартта Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Коңшу өлкөлөрдө жана дүйнө жүзүндө коронавирустун жайылышына байланыштуу кырдаалдын өңүтүндө республикалык бюджеттин аткарылышындагы бүгүнкү жагдай жана бюджеттик каражаттарды үнөмдөө чаралары талкууланды.

Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева күтүлгөн тобокелчиликтерди эске алуу менен, божомолдор боюнча үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттин аткарылышы мурда бекитилген пландан 85%дын айланасында түзүшү мүмкүндүгүн билдирди. Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджетти аткаруу 96%ды түзгөндүгүн маалымдады.

Ошондой эле ал донордук коомчулуктар, анын ичинде Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду жана башка эл аралык каржы иниституттары менен республикалык бюджетти колдоого каражат бөлүп берүү боюнча жигердүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости