Сооронбай Жээнбеков: "Эмгекчил, ак ниет мекендештерибиз арбын болгону үчүн өлкөбүз өнүгүп, өсүүдө"

Сооронбай Жээнбеков:

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-январда, мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

«Урматтуу мекендештерим!

Жаӊы жылдын алгачкы күндөрүн жагымдуу иш-чара менен баштап, элибиздин татыктуу уул-кыздарына мамлекеттик сыйлыктарды, жогорку наамдарды тапшыруу үчүн чогулуп олтурабыз.

Сиздер күжүрмөн эмгектин натыйжасында мамлекеттик жогорку сыйлыктарды алып жатасыздар.

Көп жылдык үзүрлүү эмгегиңердин, мекенибизге болгон ак ниетиңердин аркасы менен жалпы журтубуздун терең урматына ээ болуп олтурасыздар.

Сиздерди жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болушуӊуздар менен чын дилимден куттуктайм!

Өткөн жылды татыктуу узатып, 2020-жылга карата жакшы максаттарды койдук, жаңы милдеттерибизди аныктадык. Бул жылы жасай турган иштерибиз арбын.

Өлкөбүздү өнүктүрүүгө, элдин жашоосун жакшыртууга багытталган реформаларды улантабыз.

Элет жерин өнүктүрүүнү, өлкөнү санариптештирүүнү, соттук-укуктук реформаны ишке ашырууну, коррупция менен күрөшүүнү артыкчылыктуу багыт бойдон кармайбыз.

Аларга кошумча, быйыл балдарды колдоого өзгөчө көңүл бурулат.

Балдарды астейдил камкордукка алган, кары-картаңдарына урмат-сый менен мамиле кылган ыймандуу коом гана өз өлкөсүнүн жаркын келечегин жарата алат.

Ата-бабаларыбыз улууну урматтаган, жетим-жесирди камкордукка алган, боорукердикти негизги жашоо эрежеси катары кабылдаган нарктуу коом куруп кетишкен. Тилекке каршы, азыркы доордо зомбулук күчөп, кары-картаң, балдар кароосуз калган учурлар көбөйүүдө. Ошондуктан балдарды колдоо жылы деп жарыяладык. Максатыбыз — нукура улуттук баалуулуктарыбызды сактап калууга, бекемдөөгө жапырт киришүү.

Экономиканы көтөрүү, элдин жашоо-шартын оӊдоо — негизги милдетибиз бойдон кала берет.

Алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн сиздердей эмгекчил жарандарыбыз, мекенчил жаштарыбыз көп болушу зарыл.

Ийгиликтин ээси болуу үчүн журтубуздун биримдигинин, улуттар аралык ынтымактын сакталышы — эң башкы зарыл фактор.

Сиздердей эмгек адамдарынын жардамы — мамлекет үчүн чоң мааниге ээ.

Сиздер, урматтуу мекендештерим, мамлекет демилгелеген реформаларды, келечекке багытталган өзгөрүүлөрдү колдоп жатасыздар.

Учурдан пайдаланып, сиздерге чын ниетимден ыраазычылык билдирем.

Сиздер эмгекчилдик, мекенчилдик сапаттарыңар менен коомдогу кадыр-баркка, урматтоого жеттиңиздер.

Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу үчүн биз коомчулуктун, эмгек жамааттарынын оюн эске алдык.

Бүгүн сиздерге, эл арасында абийир таап, өлкөнүн өнүгүүсүнө мыкты салым кошуп жаткан мекендештерибизге сыйлык тапшырып жатканыбызга кубанычтабыз.

Сыйлык алып жаткан инсандарыбыздын арасында Тажибаев Абдиваит аксакалыбыз, Айтматова Роза эжебиз, Актанов Табылды аксакалыбыз жана Осмонов Өскөн агабыз бар экенин, аларды урматтоо менен белгилеп кетким келет.

Абдиваит Тажибаевич бүткүл эмгек жолун Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө арнады. Бир катар райондорду жетектеп, элет жерин өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошту. Артынан бир катар кадрларды өстүрүп чыгарды. Эл арасында кадыр-баркы бийик ардагер катары журтубуздун ынтымагын чыңдоого чоң салым кошуп келе жатат.

Роза Төрөкуловна мектептин мугалими, институттун окутуучусу катары көптөгөн жаштарды тарбиялады.

Эне катары, адис катары жаштарды колдоо багытында тынбай иштеп, опол тоодой эмгек өтөдү. Жаштардын насаатчысы катары кылган эмгеги коомдун мактоосуна арзыды. Кыргызстанда күчтүү жарандык коомдун түптөлүшүнө өзүнүн бараандуу салымын кошту.

Улутубуздун сыймыгы Чыңгыз Төрөкуловичтин бир тууганы, атанын татыктуу кызы, Роза эжебиз өз эмгеги менен журт арасында кадыр-баркка ээ. Мамлекеттин өнүгүүсүнө чоң салымын кошуп келүүдө.

Табылды Актанович көп жылдардан бери театр тармагына эмгек сиӊирип, маданияттын көйгөйлөрү менен жашап келет.

Комузчу, обончу, режиссер, драматург театр жана кино актеру катары элибиздин купулуна толгон чыгармачылык инсан.

Профессор Осмонов Өскөн улуу муундун өкүлдөрүнө үзөӊгүлөш көп жылдардан бери үзүрлүү эмгек өтөдү. Студенттердин бир канчаларын окутту, турмуш жолуна узатты, илимдин кандидаттарын, докторлорун даярдады. Өзгөчө белгилей кетчү жагдай — кыргыз тарыхын изилдөөгө чоӊ салым кошту. Тарых сабагы боюнча мектеп окуучулары үчүн окуу китептеринин автору.

Бул урматтуу инсандарыбыз өзүнүн эмгекчилдиги, эл-жерине өтөгөн таза кызматы аркылуу „Манас“ орденине татыктуу болушту.

Телережиссура тармагында көп жылдар бою жемиштүү иштеп, ондогон даректүү фильмдерди жараткан эмгеги үчүн, жаш кадрларды даярдоого кошкон чоӊ салымы эске алынып, Сутенова Байма „Даңк“ ордени менен сыйланды.

Байма Жапаровна кыргыз журтчулугуна белгилүү инсан.

Анын кыргыз телевидениесин өнүктүрүүгө кошкон салымын коомчулук жакшы билет.

Урматтуу салтанатттын катышуучулары!

Таланты менен, чыгармачылыгы менен элдин купулуна толгон мыкты маданият ишмерлери да арабызда олтурушат.

Алардын арасында „Кыргыз Республикасынын эл артисти, эл жазуучусу“ деген бийик наамга татыктуу болушкан таланттуу ишмерлер бар.

Белгилүү ырчы Майрам Дүйшөкееваны, балерина Айзада Тумакованы, актер жана режиссер Эгемберди Чалабаевди, режиссер Алтынбек Максүтовду жана жазуучу Абдылдаев Шаршеналыны баарыӊыздар тааныйсыздар.

Элдик музыкалык аспаптарды жасап, аларды кайрадан жаңыртып, эл аралык аренага алып чыгып, улуттук маданиятыбызга чоң салым кошуп жаткан уникалдуу уста, композитор Нурланбек Нышанов да Эл артисти наамын алып жатканы баарыбызды кубантат деп ойлойм.

Ал эми „Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти“ наамы ыйгарылгандардын ичине элет жеринде эмгектенген белгилүү комузчулар Токтомурат Осмоналиев жана Намазбек Шеркулов кирди.

Бул таланттуу эки адамыбыз комуз өнөрүн жаштарыбызга жеткирүүдө жана эл аралык деңгээлде даңазалоодо чоң эмгек жасашты.

»Эл ичи — өнөр кенчи« деп бекеринен айтылбайт.

Ошондой өнөрлүү мекендештерибиздин бири — Кенжеева Айымкан, Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, „Аксаамай“ фольклордук ансамблинин көркөм жетекчиси. Улуттук маданияттын талыкпаган күйөрманы.

Айымкан Кенжеевнага „Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер“ деген наам ыйгарылды.

Урматтуу салтанаттын катышуучулары!

Эми мамлекетибиздин социалдык тармактарында эмгеги менен баар тапкан мекендештерибиз тууралуу айта кетейин.

Бул тармакта биздин айымдар арбын иштейт. Билинбеген түйшүктү да аялзаты көтөрүп келет.

Сыйлангандардын арасында айымдардын көбөйүп жаткандыгы жакшы көрүнүш.

Ден соолук — ар бир адам үчүн, жалпы коом үчүн эӊ кымбат нерсе. Жарандарыбыздын ден соолугунун сакчылыгында турган бир катар дарыгерлер жогорку сыйлыкка татыктуу болушту.

Сыйланган дарыгерлердин арасында Кубатбеков Алмазбек бар.

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директорунун орун басары болуп эмгектенет.

Ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Кыргызстандын жалпы эле ак халатчан дарыгерлерине, калкыбыздын ден соолугунун сакчыларына, ак ниеттери менен элибиз үчүн жасап жаткан иштери үчүн ыраазылык билдирем.

Урматтуу сыйлык ээлери!

Биздин келечегибиз — ыймандуу, билимдүү жаштарыбыз.

Балдарыбызга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берип жаткан мугалимдерибиз — терең урматка ээ.

Биз мыкты мугалимдерди ар дайым сыйлайбыз, сыймыктанабыз.

Элет жеринде эмгектенип, сапаттуу билим берген мугалимдерге өзгөчө алкышыбызды айтабыз.

Мисалы, Жанузакова Ибадат Шакиевна — Токтогул районундагы Бөкөнбаев атындагы мектептин башталгыч класстарынын мугалими.

Ал бардык күч аракетин, билимин, бай тажрыйбасын жаш балдарды тарбиялоого жумшап келүүдө.

Ибадат Шакиевнанын ар бир окуучунун психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алган иш тажрыйбалары райондук, облустук деңгээлде жайылтылган.

Өзүнүн автордук программасын түзүп, үзүрлүү эмгектенип жатканын Токтогулга барганда көрүп келдим.

Элеттик мугалим эжебиз „Эмгек сиӊирген мугалим“ наамына татыктуу болду.

Ал эми Стаханов Токтожума Мадиевич — Жумгал районундагы Кызыл-Октябрь орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими болуп иштейт.

Талыкпас эмгегинин натыйжасында бир катар кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон.

Тоолуу айылдагы мектептин мугалими кесиптештеринин арасынан суурулуп чыгып, өз эмгеги менен наамга татыктуу болуп жатат. „Эмгек сиңирген мугалим“ ардак наамын алып жаткан дагы бир инсаныбыз — Бардагүл Качканакова.

Бардагүл Дүйшөновна — Таластагы Отунбаев орто мектебинин мугалими.

Окуучуларга билим берүүдө ар бир окуучунун жөндөмүн эске алып, сапаттуу сабак берет.

Ал директор болуп иштеген учурда Манас районундагы Кызыл-Жылдыз орто мектеби облуста 1-орунда турган, жыл сайын 3-4 окуучу мектепти артыкчылык менен бүтүрүшкөн, республикалык олимпиадаларга катышкан. Бардагүл Дүйшөновнанын чыгырмачылык менен иш алып барган тажрыйбалары белгилүү.

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун калеми менен дүйнөгө таанымал болгон — биринчи мугалим Дүйшөн агайдын кызы экенин айта кеткеним да орундуу болоор.

Урматтуу мекендештерим!

Элдик кол өнөрчүлүктү кайра өнүктүрүп жаткан адамдарыбызды белгилеп кетким келет.

Кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн жүздөн ашык буюмдарын эл аралык сапат сертификатына жеткирип, дүйнөлүк рынокко чыгарган Динара Чочунбаева „Даңк“ медалы менен сыйланды.

Заманбап кийиз буюмдарын жасоого, өзгөчө, ак калпакты жана ак элечекти жасоо өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Айдай Асангулова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына татыктуу болду.

Ардак грамотага ээ болуп жаткан дагы бир инсаныбыз — Сабира Солтонгелдиева, ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиябыздын жооптуу катчысы. Бул үч инсаныбыз ак калпак, боз үй, ала-кийиз, шырдак жасоо өнөрлөрүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын тизмелерине киргизүүгө чоң салым кошушту.

Урматтуу салтанаттын катышуучулары!

Аймактарды жана жалпы эле республикабыздын экономикасын өнүктүрүүгө чоӊ салым кошуп жаткан инсандарыбыз жана ишканалар да сыйлыктарга татыктуу болушту.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы „Бир айыл — Бир продукт“ коомдук бирикмеси жана Бишкек шаарындагы „Дан Агро Азыктары“ жоопкерчилиги чектелген коому Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына татыктуу болушту.

Бишкек шаарынын „Алма Мода“ тигүү ишканасынын директору Субанова Алымкан, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун лаборатория башчысы Сариева Роза жана Араван районундагы „Зиябидин-Ата“ асыл тукум фермердик-үрөнчүлүк дыйкан чарбасынын башчысы Бекмурзаев Каныбек да Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Урматтуу сыйлык ээлери,

Сиздердин ар бириңер — атыңарды атап, өзгөчө белгилей турган инсансыздар.

Эл арасында кадыр-баркка ээ болгон мекендештерим!

Баарыңыздарды мамлекеттик сыйлык жана жогорку наамдарыӊыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!

Сиздер сыяктуу эмгекчил, ак ниет мекендештерибиз арбын болгону үчүн өлкөбүз өнүгөт, өсөт.

Сиздерге бекем ден-соолук, мындан аркы ийгиликтерди каалайм.

Эл-жерибиз, Кыргызстаныбыз үчүн талыкпай иштей бериӊиздер!

Жергебизде дайыма тынчтык, элибизде ар дайым ынтымак, биримдик болсун!

Сүйүктүү мекенибиз — Кыргызстанды Жараткан Кудайым Өзү колдосун!»

Назар Новости