Шевченконун алдыдагы беттешине карата презентациялык видеосу жарыяланды

Шевченконун алдыдагы беттешине карата презентациялык видеосу жарыяланды

Кыргызстандык Валентина Шевченко менен америкалык Кэтлин Чукагяндын кезектеги беттешине карата презентациялык видеосун UFC уюму өзүнүн YouTube каналына жарыялады.

«Аралаш мушташ жөн гана жашоомдун бир бөлүгү эмес, мен азыр муну менен жашайм, бул менмин», — дейт спортчу.

Мындан сырткары, видеодо кыргызстандык чемпиондун машыгуулары жана буга чейинки беттештеринин кызыктуу жерлери берилген.

«UFC чемпиону болуш үчүн көп нерсе талап кылынат: мыкты боксчу болуу, бут менен айланып тебүү, партерде атаандаштын буту-колун кайруу жана муунтуу ыкмаларын жакшы өздөштүрүү шарт. Жалпысынан айтканда ар тараптуу мушкер болуш керек», — деп белгилеген Шевченко.

Белгилей кетсек, Бишкек убактысы боюнча 8-февралдан 9-февралга караган түнү АКШнын Хьюстон шаарында UFC 247 турнири өтөт. Ал жакта кыргызстандык спортчу америкалык Кэтлин Чукагян менен октагонго чыгып, чемпиондук титулун үчүнчү ирет коргомокчу.

Эске сала кетсек, Шевченко 2019-жылдын августунда америкалык Лиз Кармушту калыстардын чечими менен утуп алган. Биринчи жолку чемпиондук титулун коргоодо америкалык Жессика Айды техникалык нокаут менен жеңген.

https://www.youtube.com/watch?v=-H1uqrcuw0g

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости