Шевченко: “Нуньес менен үчүнчү жолу мушташка чыкканга даярмын. Экинчи мушташтын жыйынтыгы туура эмес болуп калган”

Шевченко: “Нуньес менен үчүнчү жолу мушташка чыкканга даярмын. Экинчи мушташтын жыйынтыгы туура эмес болуп калган”

UFC чемпиону Валентина Шевченко Аманда Нуньес менен үчүнчү жолу беттешке чыгууга даяр. Бул тууралуу sports.ru. жазып чыкты.

“Билбейм, ушул жылы же кийинки жылы, бирок Нуньес менен үчүнчү мушташ сөзсүз түрдө болот. Азыр бул боюнча ойлонбой элемин. Себеби, өзүмдүн дивизонумда көп жумушум бар. Аманда менен болгон экинчи мушташтын жыйынтыгы туура эмес болуп калды. Элдер үчүнчү мушташты көргүлөрү келет. Билбейм качан, бирок мен даяр болом”,-дейт Шевченко.

Кыргызстандык мушкер Нуньес менен эки жолу мушташка чыгып, экөөндө тең утулуп калган. Биринчиси 2016-жылы болуп, калыстардын бир добушунан Нуньес жеңген, ал эми экинчисинде 2017-жылы калыстардын добушу бөлүнүп, анда да Шевченко утулуп калган.

8-февралда UFC 247 турниринде Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен мушташат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости