Шадиевдин жандырмаксыз "жашынмагы"

Шадиевдин жандырмаксыз "жашынмагы"

Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты, мурунку биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин кайда экени эмгиче тактала элек. Башкы прокуратура 28-апрелде ага кылмыш ишин козгогон. Шадиевдин жардамчысы мындан бир күн мурун "ал дарыланганы чет өлкөгө кетти" деп айтканы менен атайын кызмат анын чек арадан өтпөгөнүн билдирүүдө. Бул тууралуу маалыматты Азаттык маалымат агенттиги билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскарбек Шадиевдин кылмыш ишинин тергелиши тууралуу кененирээк маалымат берүүдөн баш тартып жатат. Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов "Шадиев чек арадан расмий өткөн эмес" дегенден башка маалымат берилбей тургандыгын айтты:

УКМК.

УКМК.

​- Биз "ал Кыргызстандан эч кайда чыккан эмес" деп эле айтпадыкпы. Башка маалымат бере албайбыз. Мен мындан башка эч кандай комментарий кыла албайм. "Расмий эч кайда чыккан эмес" деп эле айта алам. Тергөө иши жүрүп жатат. Тергөө бүткүчө эч нерсе деп айта албайм. Расмий түрдө ал Кыргызстандын аймагынан эч кайда чыккан эмес.

Аскарбек Шадиевдин жардамчысы Айбек Эрмеков депутат кылмыш иши козголор алдында, тактап айтканда, 27-апрелде дарыланыш үчүн чет өлкөгө чыгып кеткенин маалымдаган. Бирок кайсы мамлекетте кеткенин тактаган эмес. Азыркы жагдайга байланыштуу Шадиев да, Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясы да комментарий бере элек.

Аскарбек Шадиев тууралуу парламенттеги кызматташтарынын да маалыматы жок. "Республика — Ата Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев коомчулукта ар кандай күдүк ойлор жаралбашы үчүн Шадиевдин кайда жүргөнү такталышы керек деп эсептейт:

Таабалды Тиллаев.

Таабалды Тиллаев.

​- Анын жардамчысы "чыгып кетти" деп айтып жатса, УКМК болсо "чыккан эмес" деп жатса — такталышы керек. Чыгууга бөгөт коюлгандан кийин чыгып кетсе — анда бул УКМКнын жоопкерчилиги болот. Эгер андай тоскоолдуктар болбосо, ар бир эле жаран эркин кирип-чыкканга укуктуу. Анан калса ал ошол кезге чейин ооруканага жаткан, анан чет өлкөгө дарыланууга кетиши мүмкүн.

Быйыл жыл башында КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы үчүн былтыр Жогорку Кеңештен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы ачыкка чыккан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, аны УКМКга өткөрүп берген. Анда парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров камакка алынган. Акча кымырылып кеткен маалда комитетти Аскарбек Шадиев башкарып турган. Аскарбек Шадиев февраль айынан бери эле күбө катары сурак берип жүргөн.

Шадиевдин өзүнө Башкы прокуратура 28-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси, тактап айтканда "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деген айып менен кылмыш ишин козгоду. Анын айып тагылар алдында өлкөдөн чыгып кеткени бир топ күдүк ойлорду жаратты. Талдоочу Турат Акимовдун баамында, Шадиевди кимдир-бирөөлөр кылмыш иши козголгону жатканы жөнүндө эскертиши мүмкүн:

Турат Акимов.

Турат Акимов.

​- Эми ал чоң бийликте жүргөн киши да. Өкмөттө иштеген, депутат болгон. Чоң бийликте жүргөндөн кийин ага "сиз жакында камалып калышыңыз мүмкүн, Мамлекеттик чек ара кызматына сиз тууралуу маалымат бере электе, ысымыңыз жазыла электе өлкөдөн чыгып кетпейсизби" деп өзүнүн жан-жөкөрлөрү айтса керек. Эгер мындай маалымат келбесе, Мамлекеттик чек ара кызматы бардык жарандарды өткөрө берет. Эгер ушундай тымызын сүйлөшүүлөр болгон болсо — ал паспортун алмаштырбай ачык эле чыгып кетип калышы мүмкүн.

Буга чейин Аскарбек Шадиев Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык үчүн бөлүнгөн акчанын уурдалып кеткенине өкүнөрүн айткан, бирок өзүнүн жоопкерчилиги тууралуу дооматтарды четке кагып келген:

Аскарбек Шадиев.

Аскарбек Шадиев.

​- Арсен Закиров Жогорку Кеңеште буга чейин эле иштеп жүргөндүктөн мен ага ишенгем. “Акча буга чейин эле берилип жүргөн, кийин бюджетте акча калбай калат, ошону үчүн эртерээк бөлүп коелу” деп келгенинен акчаны берүү боюнча документке кол коюп бергем. Бул былтыр август айында болгон. Бирок ошол 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм.

Аскарбек Шадиев 2000-жылы чоң саясатка бизнестен келген жана ушул кезге чейин жооптуу кызматтарда жүргөн.

Жогорку Кеңештин бир канча жолку чакырылышында депутат болгон, парламенттеги маанилүү комитеттерди жетектеген. 2003-2005-жылдары Баткен облусунун губернатору болуп иштеген. Өкмөттө финансы министринин орун басары, энергетика жана өнөр жай министри жана биринчи вице-премьер-министр кызматына чейин көтөрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости