Санариптештирүү жемишин берип, сүйүнчү пул алуу жеңилдеди

Санариптештирүү элдин түйшүгүн бир кыйла жеңилдеткени байкалууда. Маселен, сүйүнчү пулдарды берүү иши бир топ оңой болуп калды. Мамлекеттик каттоо кызматы менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин биргелешкен буйругунун негизинде борбор калаадагы бардык төрөтканаларда калкты каттоо департаментинин кызматкерлери жаңы төрөлгөн ымыркайларды каттоого алууда.

Ата-энеси өздөрүн тастыктаган документтерди, нике тууралуу күбөлүктү, төрөт үйүнүн балага берген аныктамасын көрсөтсө, дароо балага күбөлүк берилет. Ага катар сүйүнчүгө да арызды алышат. Эки күндүн ичинде өздөрү тандаган банктан уюлдук телефонуна билдирме келип түшөт. Айтор, жаңы төрөлгөн ымыркайга берилүүчү сүйүнчү пулду алуу жеңилдеди.

Былтыр балага сүйүнчүнү өлкө боюнча 158 миң 454 бала алган. Эске сала кетсек, балага сүйүнчү алууда үй-бүлөлүк шарты каралбайт, эгерде үй-бүлөдө эгиздер төрөлсө, алардын ар бирине өз өзүнчө сүйүнчү ыйгарылат. Ошондой эле асырап алынган, камкордукка алынган жана эркинен ажыратуу жайларында төрөлгөн ымыркайларга да 4 миң сомдон берилет.

Булак: “De-facto”

Назар Новости