Самат Аалканов, психолог: “Акчаны кантип жугумдуу кармаса болот?”

Самат Аалканов, психолог: “Акчаны кантип жугумдуу кармаса болот?”

—Алгач байлык жана кедейлик кай жакта болгонун белгилеп кетсек болот. Көп адамдар “кедей Кыргызстанда жашайбыз. Көбүрөөк акча табууга мүмкүн эмес. Бизде акча табуу оор. Өкмөт начар, мамлекет начар, бизге жакшы төлөй алышпайт” деп наалышат. Мен бир нерсени айтып кетет элем, байлык дагы, кедейлик дагы биздин мээбиздин ичинде. Ар бир адамдын ар кандай ишеними бар. Ар бир адамдын жашоого болгон куралдары бар, эрежелери бар. Мисалы, бир адамдын “акча табуу оор, акча деген суу” деген ишеними болушу мүмкүн. Эгер адамдын ошондой ишеними күч болсо, адам өзүнө ошондой кырдаалдарды жарата баштайт. Акча таба турган ар кандай мүмкүнчүлүктөр болуп турса дагы көрбөйт. Ал мүмкүнчүлүктү колдонбойт. Андай адамдарга айтып кетерим, бул жерде адам өзү акчага болгон мамилесин оңдош керек.

Илгерки заманга кайтып барсак, жакшы мергенчи, башкаруучу же падыша жакшы жашаганга, жан сактаганга мүмкүнчүлүгү болгон. Азыркы заманда акчаны башкара билген, колдоно билген адамдын жан сактаганга мүмкүнчүлүгү бар. Ошон үчүн акчага болгон мамилени, ойду өзгөртсө, акчаны жугумдуу кылганга мүмкүнчүлүк дайыма бар. “Жарым жыл ичинде мынча акча таба албасам, жашай албайм” деген ой мээде ойгонсо, элестөө ойгонсо, кандайдыр бир деңгээлде аны табууга жолдор да ачыла баштайт. Мисалы, биздин тамакка, нанга муктаждыгыбыз бар. Иштебей отуруп калсак да бир жерден акча келет. Акча табуу үчүн муктаждык жаратыш керек.

Булак: «АЗИЯnews»

Назар Новости