Салыгын жашырган ишканадан миллиондор өндүрүлдү

Салыгын жашырган ишканадан миллиондор өндүрүлдү

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы (Финпол) мамлекеттик бюджетке 143 миллион сомдук чыгымдын ордун толтуртуп берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган кызмат 8-январь күнү «Ц.» ЖЧКсына карата салыкты жашырып коюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшүн ишке ашырды.

Анын натыйжасында, ишкана жергиликтүү финансы органы аркылуу мамлекеттик бюджетке 93 миллион 283 миң сом төлөп берди. Ал эми Бирдиктүү депозиттик эсепке 50 миллион сом төккөнү маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости