Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары коронавирус жуктуруп алды

Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, министрдин орун басары Ираж Харирчи коронавирус жуктуруп алып, карантинге алынган. Бул маалымат туурасында Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлиги ырастап, ал медициналык тест тапшырганда андан тумонун белгилери аныкталганын билдирди. Эске сала кетсек, Кытайда жайылган коронавирустан Иранда жалпысынан 15 адам каза болуп, 95 адам тумоону жуктуруп алган. Дагы 10дон ашуун жарандын абалы оор экени айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости