Саясатчы, Камчыбек Ташиев эртеңки митинг тууралуу айтты

Саясатчы, Камчыбек Ташиев эртеңки митинг тууралуу айтты

Эртең, 2-мартта өтө турган митинг тууралуу айрым саясатчылардын пикирин билүүгө туура келди. Эртеңки боло турган митинг тууралуу Садыр Жапаровдун эң жакын досу, саясатчы Камчыбек Ташиев пикирин төмөнкүчө билдирди.

“Мен Бишкекте эмесмин, ситуация боюнча маалыматым жок”, — деди саясатчы Камчыбек Ташиев.

Учурда социалдык тармактарда бүгүн, 1-мартта эртең менен учурда камакта жаткан Садыр Жапаровдун кыргыз элине болгон Кайрылуусу каттуу талкууга алынып, талаш-тартышты жаратты.

Жактоочу Канат Асанов, Садыр Жапаровдун Кайрылуусун: -“Урматуу достор, мекендештер! Мен азыр Сабыр Жапаров менен байланыштым, бул кат боюнча сурадым, ал байке тастыктап берди! Урматтуу Кыргыз элим биримдик күчүн көрсөттүңөр, сиздерге чоң ыраазычылык! Эми, Иссык-Көлдүк достор жердештер эми көлдүктөрдүн мыйзамды сыйлаганын көргөзөлү!”- деген билдирүүнү өзүнүн социалдык тармагы аркылуу жазып чыкты.

Белгилей кестек, саясатчы Садыр Жапаров: “Урматтуу кыргызстандыктар!

Менин сиздерге кайрылуумдун себеби төмөнкүчө:

Мага сырттан жолугушууга келген адвокаттарым жана жакын туугандарым, 2-март күнү Бишкек шаарына жалпы эл республикабыздын бардык аймактарынан келип, ар түрдүү талаптар менен митингге чыкканы турушат деген маалымат берип жатышат.

Талаптардын арасында менин боштондугум да бар экен. Эгер менин боштондугум үчүн чыкканы жатсаңыздар, анда мен тарапташтарыма кайрылуу жасаймын: Эл чогулган жерде провокаторлор болуп, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн. Азыр Кыргызстаныбызга ызы-чуунун кереги жок.

Мага жеткен маалыматтар боюнча провокаторлор даярдалып, жыйналышты башка нукка буруп кетүүчү күчтөр пайда болуптур. Ошондуктан, мен үчүн чыкпай эле коюңуздар деп, тарапташтарымдан суранып кетет элем.

Аман болсом Кудай буюрган күнү чыгам. Азыр мыйзам талаасында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”,-деп кыргыз элине кайрылган.

Эске сала кетсек, Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын март айында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл алты айга кесилген.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости