“Садыр Жапаровду колдоо кыймылынын” төрагасы Каныбек Осмоналиев, Садыр Жапаровдун Кайрылуусу жана эртеңки митинг тууралуу айтты

“Садыр Жапаровду колдоо кыймылынын” төрагасы Каныбек Осмоналиев, Садыр Жапаровдун Кайрылуусу жана эртеңки митинг тууралуу айтты

Эртең, 2-мартта өтө турган митинг тууралуу айрым саясатчылардын пикирин билүүгө туура келди. Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын депутаты, профессор Каныбек Осмоналиев NazarNews.kg маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берди.

—Саламатсызбы Каныбек Осмоналиевич, эртеңки митинг тууралуу айтып берсеңиз, кырдаал кандай болуп кетиши мүмкүн? Атайын чагымчылдар ортого от жагып, келишпөөчүлүк жаратып жибериши мүмкүн деген сөздөр тарап жатат. Митингдин жүрүшү боюнча план барбы?

—“Эртең 2-мартта өтө турган митинг өз убагында башталат. Чагымчылардан өзүбүз коргоно алабыз деп ишенем! Элдин маанайы абдан чечкиндүү. Мыйзамды бузууга жол бербейбиз! Программа жок! Өз колу-бутубузду байлап бербейли деп чечтик. Кийин программадан чыктыңар деп айыпташат! — деди Каныбек Осмоналиев.

Андан сырткары “Садыр Жапаровду колдоо кыймылынын” төрагасы Каныбек Осмоналиев, өзүнүн социалдык тармагынан жалпы кыргызстандыктарга Кайрылуу жасады.

—Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүн абакта жаткан Садыр Жапаровдун өзүнүн колу менен жазылган Кайрылуусун кечке маал алдык. Штабдын жалпы мүчөлөрү бир топ убакытка чейин талдап, кеңешип төмөнкү жыйынтыкка келдик.
Урматтуу мекендештер!

Эртең өтө турган элдик жыйын, өлкөнүн аймактарындагы карапайым элдин көтөрүлгөн демилгеси болчу. Ошондуктан эртең жыйынга катышамын деген жарандардын саны, саат сайын көбөйүп жатат. Эртең жыйынды баштайбыз. Митинггке келгендер, мыйзамды каттуу сактап, өзүңүздөрдүн ой-тилегиңиздерди билдирип, эч кандай чагымчылдыкка алдырбоого жол бербей, урматтуу президенттин атына Кайрылуу жасап, элдин уулу Садыр Жапаровду боштондукка чыгаруу талаптарын гана коюп митингди тынч маанайда өткөрүп тарайбыз”, -деген пикирин билдирди Каныбек Осмоналиев.

Эске сала кетсек, бүгүн, 1-мартта саясатчы Садыр Жапаров: “Урматтуу кыргызстандыктар! Менин сиздерге кайрылуумдун себеби төмөнкүчө: Мага сырттан жолугушууга келген адвокаттарым жана жакын туугандарым, 2-март күнү Бишкек шаарына жалпы эл республикабыздын бардык аймактарынан келип, ар түрдүү талаптар менен митингге чыкканы турушат деген маалымат берип жатышат.
Талаптардын арасында менин боштондугум да бар экен. Эгер менин боштондугум үчүн чыкканы жатсаңыздар, анда мен тарапташтарыма кайрылуу жасаймын: Эл чогулган жерде провокаторлор болуп, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн. Азыр Кыргызстаныбызга ызы-чуунун кереги жок.

Мага жеткен маалыматтар боюнча провокаторлор даярдалып, жыйналышты башка нукка буруп кетүүчү күчтөр пайда болуптур. Ошондуктан, мен үчүн чыкпай эле коюңуздар деп, тарапташтарымдан суранып кетет элем. Аман болсом Кудай буюрган күнү чыгам. Азыр мыйзам талаасында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, — деп кыргыз элине жактоочусу аркылуу Кайрылуу жасаган. “Бул Кайрылууну Садыр Жапаров жазган эмес”, деген талаш-тартыш социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Бир нече саат мурун жактоочу Канат Хасанов:

-“Урматтуу достор, мекендештер! Мен, азыр Сабыр Жапаров менен байланыштым. Бул кат боюнча сурадым, ал байке тастыктап берди! Урматтуу Кыргыз элим биримдик күчүн көрсөттүңөр, сиздерге чоң ыраазычылык! Эми, Ыссык-Көлдүк достор, жердештер, эми көлдүктөрдүн мыйзамды сыйлаганын көргөзөлү!”- деген билдирүүнү өзүнүн социалдык тармагы аркылуу жазып чыкты.

Эске сала кетсек, Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын март айында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл алты айга кесилген.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости