Садыр Жапаровду эмне үчүн жатак абагына чыгарбайт? ЖАМКнын жообу

Садыр Жапаровду эмне үчүн жатак абагына чыгарбайт? ЖАМКнын жообу

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кандай адамдар жатак колониясына которулбай турганын түшүндүрүп берди.

Буга чейин эркинен ажыратылган Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов ушул жылдын февраль айында экс-депутаттын жатак абагына которулушу ыктымал экенин айткан болчу. Бирок ЖАМК мындай маалыматты четке каккан. Ал жактан Жапаров жатак колониясына которууга мүмкүн болбой турганы категорияга кирерин айтышкан болчу.

Бүгүн ЖАМКнын маалымат кызматы жатак колониясына которула албай турган адамдардын категориясын жарыялады:

өмүр бою эркинен ажыратылгандар;

террордук жана экстремисттик багытта кылмыш жасап соттолгондор;

уюшкан топтун же уюмдун катарында кылмыш жасап эркинен ажыратылгандар;

криминалдык топтордун мүчөлөрү, жаза өтөп жаткан жерде кылмыш жасагандар;

жашы жете элек балдарга карата оор кылмыш жасагандар;

мажбурлап дарыланууга муктаж болуп, бирок медициналык көзөмөлдөн өтпөгөндөр;

I, II топтогу майыптар, пенсия курагындагы адамдар;

туруктуу жашаган жери жоктор;

чет элдик жарандар, Кыргызстанда туруктуу жашабагандар;

жаза өтөп жаткан жерден же күзөттөн качып чыкканы үчүн соттолгондор.

Бул маалыматка ылайык, Садыр Жапаров үчүнчү категорияга кирип калат.

Былтыркы жылдын январь айынан тарта соттолгон кишинин жаза өтөй турган жайын жана жаза өтөй турган мекеменин түрүн атайын комиссия аныктайт.

Белгилей кетсек, кечээ, 2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен уюштурулган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда таштар ыргытылып, көчө боюндагы автоунаалар, имараттар жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости