Россиялык профессор: Коронавирус -дүйнөлүк масштабдагы фейк

Россиялык профессор: Коронавирус -дүйнөлүк масштабдагы фейк

Медициналык илимдердин доктору коронавирус деген эч кандай эпидемия жоктугун ишенимдүү түрдө билдирип, болгону буга чейин изилдене элек болгон оорунун жайылып кеткендигин белгиледи.

Бул тууралуу zakon.kz сайты Aif.ruга таянып жазып чыкты.

“Коронавирустун тарашы азайды. Буга чейин коронавирус миңдеген адамдарга жукса, азыр жүздөгөн адамдарга жугуп жатат.

Бул “эпидемия” кимдир бирөөгө керек. Бирок кимге керек экендиги кийинчерээк белгилүү болот”,- дейт Москва шаарынын терапевттер илимий коомунун төрагасы профессор Павел Воробьёв.

коронавирус фейк сурамы боюнча табылган сүрөттөр

“Далил керекпи? Анда көңүл буруңуз. Япониянын Иокогама аймагынын жанында круиздик лайнер карантинде эки апта турду.

Ал жерде коронавирус жуктурган киши бар болгондуктан, портко түшүүгө тыюу салынып, андан 600 киши оору жуктургандыгы маалым болду. Кемеден 80 жаштагы адамдардын экөөсү каза болгондугу айтылды. Бирок 80 жаштагы кишилер коронавирустан башка ар кайсы вирустардан каза болуп калышы мүмкүн. Биз алар буга чейин кандай оору менен ооруганын билбейбиз да. Ал эми башкалар ооруну жеңил көтөрүштү, эгер оору ушунчалык оор болсо, башкалар бул убакыттын ичинде “күйүп” кетмек. Мына силерге пандемия, эпидемия жөнүндө даана мисал”,-деп белгилеген профессор.

Воробьёвдун айтымында коронавирустан жабыркагандарды эч нерсе менен дарылып болбойт. Анткени башка курч респиратордук ооруларды дарылоонун атайын дарысы жок, буга гриппти да кошууга болот.

“ВИЧ-инфекциясын дарылоодо колдонгон дарыларды коронавирусту айыктырууга аракеттер көрүлүп жатат. Бирок бул аракеттер жыйынтыксыз. Себеби жакында кытайлар бейтаптарга айыккан кишинин кан плазмасын куюшкан. Бирок бул канчалык жыйынтык берилгендиги боюнча так маалыматтар азырга чейин жок. Бул өтө кооптуу тажрыйба. Плазмаферез-канды алып, тазалап, башка бирөөгө донор катары колдонуу ыкмасы өтө оор ооруларды дарылоодо пайдаланылып келинген. Ушундай ыкма Африкадагы Эбола илдетин дарылоодо дагы иштетилген.

Грипптен, инфаркттан, инсульттан, жүрөк кемтигинен, өпкөнүн сезгенип кетишинин курчуп кеткенинен каза болгон кишилердин организми ооруну ар кандай кабыл алып, каза болушу сыяктуу коронавирусту да организм ар түрдүү кабылдайт.

Вирустук инфекция ушундай учурда ар кандай оорулардын өтүшүп кетишине алып келет. Ошондуктан эпидемия учурунда кары-картаңдар көп каза табышат. Оор ооруларды жуктурган кишилерде илдеттин бир нече түрү кошулуп отуруп, инфекциялар организмде көбөйүп, сапатсыз медициналык жардам адамдын өлүмүнө алып келет. Адамдардын бардыгын чогуу кармашып, сакайып кете ала тургандарга да кайра оору жуккандыктан алар каза болушкан. Ансыз деле көбү көз жумушмак. Анын үстүнө вирустун штаммын (түзүлүшүн) кытайлар жашырышууда”,- дейт шек санаган Воробьёв.

Орусиялык белгилүү доктор-инфекционнист Владимир Никифоров Пекинге барып, «Кытайлар тирүү вирусту көрсөтпөй, кагаздагы түзүлүшүн гана көрсөтүшкөн. Тирүүсүн эмне үчүн жашырышууда? Мүмкүн кытайлар мунун жөн эле ойлоп таап жатышкандыр”,-дейт доктор.

Воробьёв Кытайда эмне себептен карантин жана изоляция боюнча мынчалык катуу чара колдонуп жаткандыгына таң калгандыгын жашырган эмес.

«Адамдар өз батирлеринен чыгарылбай, дүкөнгө үч күндө бир жолу чыгууга уруксат берилген. Кварталдан кварталга барганга тыюу салынып, ар бир кадам смартфондун жардамы менен тыгыз текшерилүүдө. Ыктыярчылар атайын формада иштешип, тынбай дезинфекциялашууда.

Ошону менен бирге кытайлар стадиондогу госпиталды көрсөтүшүп, анда эч кандай изоляция жоктугун, 20 киши бир уячада жаткандыгын байкоого болот. Мындай шарт вирус үчүн бейиш. Анткени оорукананын ичиндеги инфекция бейтаптардын башка оорусуна кошулуп отуруп, көп киши каза болушуна ыңгайлуу. Жалпысынан картинка фантастикалык сүрөттөлүшкө же акыр заман жөнүндөгү коркунучтуу тасмаларга окшоп кетет. Баары эле бул оюн дүйнөлүк масштабдагы фейк экендигин билип турушат. Эмне себептен экендиги азарынча белгисиз”,-дейт серепчи.

Мындан сырткары Воробьёв экономисттердин «эпидемия экономикалык кризисти жаап, жашыруу үчүн керек болгон» деген пикири бар экендигин айтты.

Ал эми башкалар вирус кризис менен каршы күрөшүүгө багытталган десе, айрымдар кризисти пайда кылуу үчүн жаратылгандыгын айтышууда. Бирок ири экономикалык жана саясий кырдаалдарга (Кытайдын ичиндеги жана сыртындагы) караганда вирустун тарашы кокустукка окшобойт.

Мүмкүн бул рынокту кайра бөлүштүрүүдүр. 2000-жылдардын башында ири мүйүздүү малдардын энцефалопатиясы (мээ кыртышынын жабыркашы) же “уйлардын жиндилиги” илдетин чыгарышып, калк жана фермелер ири мүйүздүү малдарын жок кылышкан. Анын натыйжасында Сорос чоң көлөмдөгү каражат тапкан. Россияда дагы ушул сыяктуу окуя чочколордун африка чумасы менен байланыштуу болуп өткөн. Коронавирус дагы ушундай болушу ыктымал. Мындай кырдалга эмне түрткү болгондугу азырынча анык эмес”,-дейт Доктор Воробьёв. Доктордун айтымында анын себеби бир канча жылдар өткөндөн кийин гана билиниши ыктымал.

Мисалы, мындай учур типтүү эмес пневмония окуясы менен дагы катталган. Кийин гана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эпидемия жалгандыгын айтып чыгып, уюмдун жетекчиси кызматынан бошотулган эле. Бул окуянын максаты адамдарды коркутуу болуп жаткан чыгаар. Бул “коомду медикализациялаштыруу” деп аталат. Булар көбүнчө инфекция менен адамдарды коркутушуп, аларды дары-дармек, бет кап жана дезинфекциялоочу каражаттарды сатып алууга мажбур кылат. Эми элестетсеңиздер, бет каптан эле канча каражат чогулат?! Башкалар кандайдыр бир иш-чараларды иштеп чыкса, айрымдар же болбосо көпчүлүгү акчаны “курмандыкка чалуу” менен убара. Дүйнө жүзүндөгү адамдарга бул маселенин түз болбосо да, кыйыр түрдө тиешеси болуп, алар мындан бай дагы боло албайт жана ден соолугун да чыңдай албайт”,-деп сөзүн жыйынтыктаган профессор.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости