Россия Кыргызстандагы аскер базага абадан коргонуу каражаттарын алып келүүнү пландап жатат

Россия Кыргызстандагы аскер базага абадан коргонуу каражаттарын алып келүүнү пландап жатат

Россия өзүнүн Кыргызстандагы аскер базасына абадан коргонуу каражаттарын алып келүүнү пландап жатат. Бул тууралуу РФнын Коргоо министринин орун басары Николай Панков билдиргенин РИА “Новости” жазып чыкты.

“Аталган иштин алкагында жакынкы арада биргелешкен орус аскер базасын түзүүнү жана учкучсуз учактардын бөлүмдөрүн уюштурууну пландап жатабыз”,-деп министрдин орун басары Мамлекеттик думадан сүйлөп жатып билдирген.

“Кийинки этап орусиялык аскер базасына абадан коргонуу каражаттарын орнотуу болот. Ошондой эле, “Кант” аэродромундагы объектилерди оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт”,-деп Панков кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Россиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думада Россиянын Кыргызстандагы аскер базасынын келишимине өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, Россия базанын составынын бөлүмдөрүнө учкучу жок аппараттарды киргизүүгө болот.

“Кант” россиялык аскер базасы 2003-жылы ачылган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости