Рэпплинг боюнча өтө турчу мелдешке катышуучулар аныкталды

Рэпплинг боюнча өтө турчу мелдешке катышуучулар аныкталды

Борбор калаада грэпплингдин UWW (Бириккен күрөш дүйнөсү — ред.) версиясы боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу КРнын спорт федерациясынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, мелдеш 8-9-февраль күндөрү Арча-Бешиктеги «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде болот.

Турнир эркектер жана кыздар арасында төмөнкү жаш курактар менен чектелет:

Окуучулар — 14-15 жаш;

Кадеттер — 16-17 жаш;

Жаштар — 18-19 жаш;

Чоңдор — 20-35 жаш;

Чеберлер — 35 жаштан жогору.

Буга кошумча, Кыргызстандын биринчилигинде мыкты жыйынтык көрсөткөндөр Филиппиндеги Азия чемпионатына жана Сербиядагы дүйнө биринчилигине катыша алат.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости