Рейтинг. Кыргызстан коррупция деңгээли боюнча дагы деле алдыда

Рейтинг. Кыргызстан коррупция деңгээли боюнча дагы деле алдыда

Кыргызстан паракорчулуктун деңгээли боюнча 180 өлкөнүн ичинен 126-орунду ээледи. Transparency International уюмунун жылдык баяндамасында Кыргызстан быйыл 100 упайдын 30 упайын топтоп, паракорчулуктун деңгээли боюнча Джибути жана Украинага катарлаш жайгашкан.

Былтыркыга салыштырмалуу жылыш бар, бирок ал көзгө басарлык эмес. Айтсак, былтыр Кыргызстан 132-орунда болсо быйыл 6 пайызга гана көрсөткүчүн жакшырта алган.

Ал эми дүйнөнүн коррупциялашпаган өлкөлөрүнө Дания, Жаңы Зеландия, Финляндия, Сингапур, Швеция жана Швейцария кирген.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости