Путинге "Мага үйлөнүңүзчү!" деген айым кандай жооп алды?

Путинге

Россиянын Иваново шаарында жашаган бийкеч Владимир Путинди “Мага үйлөнүңүзчү” деп суранды. Бул окуя мамлекет башчы шаардын бейтапканасын көрүп чыккандан кийин Ивановонун тургундары менен бааралашып атканда болду, деп орусиялык маалымат булактар жазып чыкты.

Эл менен жолугуп, сүлөшүп жаткан Путинге капысынан көпчүлүктүн арасынан “Мага үйлөнүңүзчү!” деп кыйкырган, россиялык селки.

Агентствонун билдирүүсүнө караганда Россиянын мамлекет башчысы мындай күтүүсүз сунушука эмне деп жооп табаарын билбей калган. Андан соң президент менен селки бир-эки ооз сөз сүйлөшкөндөн кийин, бийкеч Путинге рахмат айткан.

Кийин шаардын коомчулугунун өкүлдөрү менен аңгемелешкен учурда Путин ага никелешүү тууралуу сунуш түшкөнүн бышыктаган.

“Ивановону дайыма колуктулардын шаары деп аташчу, анын сыңарындай, мен да бүгүн ошондой сунушту алдым, менимче муну, бул жердеги камералар тартып атышты окшойт” деди Путин.

Ал эми социалдык тармактарга билдиргендей Ивановолук колукту Путин менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтып берген.

“Президент мага, бул кызыктуу сунуш экен” деп айтты” дейт бийкеч.

Андан соң ал Путинге телефон номери жазылган сүрөтүн берүүгө үлгүргөнүн айткан. “Фотографиямды бердим, андан аркысын көрөбүз да” деп кошумчалаган селки.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости