Президент Сооронбай Жээнбеков Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековду кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу Жарлыкка кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековду кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын киргизген сунушуна ылайык, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Ыманбеков Памирбек Жакыпбековичти кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Памирбек Ыманбековду кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш менен Мамлекет башчысына кайрылган.

Буга Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековго карата КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгүндө (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында (опузалап пара алуу) каралган кылмыштардын белгилери менен жазык иши козголгондугу жөнүндө көрсөтүлгөн сунушу негиз болгон.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Назар Новости