Президент Эрдоган: "Аскерибизге кол салгандар оор чыгымга учуратылат "

Президент Эрдоган:

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Сириянын Идлиб аймагында Түрк аскеринин чалгындоо жерине кол салган Башар Асад режимин оор чыгымга учурата тургандарын айтты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Президент Эрдоган, Бештепедеги «Миллет» конгресс жана маданият борборунда өткөн «Тирүү адам кенч-казынасы» боюнча сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Сөзүндө кечээ 5 аскер шейит болгон кол салууга токтолгон Эрдоган: «Керектүү каршы жооп кайтарууларды эң жогорку деңгээлде Сирия тарабына бердик. (Режим күчтөрү) өзгөчө Идлибде эсеси менен балэээлерин табышты. Бирок жетпейт, дагы улантылат»,-деди.

Эрдоган өзү жетектеген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (ТУУЖ) эртеңки фракциялык жыйынында Идлибдеги кол салуудан кийин таштала турган кадамдарды түшүндүрө турганын маалымдады.

Эрдоган: «Булар биздин аскерлерибизге кол салган сайын абдан оор чыгымга учуратылат», — деп айтты.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости