Парламентте Киров суу сактагычы үчүн Казакстандан компенсация алуу сунушталды

Парламентте Киров суу сактагычы үчүн Казакстандан компенсация алуу сунушталды

Кара-Буура районунда жайгашкан Киров суу сактагычындагы суунун 90% Казакстанга кетет. Биз алар үчүн бир жыл бою суу топтойбуз, — дейт депутат Кенжебек Бокоев.

-Коңшуларга суунун ордун пайдаланбагандыгыбыз үчүн 50 млн.сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүүсүн сунушташыбыз керек. Ал эми түшкөн каражатты Талас облусунун компенсациялык фондусуна которуу зарыл, -деген оюн билдирди эл өкүлү Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында.

Белгилей кетсек, айрым адистер Киров суу сактагычын Кыргызстандын Казакстанга болгон рычагы катары пайдалануусун сунуштап келишет. Айрыкча, мындай маселе Казакстан чек ара өткөрмө пунктарында Кыргызстандык оор жүк ташуучу унааларга жасалма тоскоолдуктарды жаратканда пайда болот.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости