Өзгөндө аты менен кошо сууга аккан малчы изделүүдө

Өзгөндө аты менен кошо сууга аккан малчы изделүүдө

ӨКМ куткаруучулары Өзгөн районундагы Жазы дарыясына аты менен кошо агып кеткен 67 жаштагы малчыны издеп жатат. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, малчы сууга 20-майда болжолу менен саат 17:00 чамасында, Өзгөн – Кара-Шоро, унаа жолунун 57-чи чакырымында кулаган. Ушул күнгө чейин издөө уланууда. Анткен менен азыркыга чейин малчы да, анын аты дагы табылган эмес.

Жеринде суучулдар менен куткаруучулар иштеп жатат. Белгилүү болгондой, ушул жылдын башынан бери малчылар сууга аккан үч окуя катталган.

Булак: "Кабар"

Назар Новости