2019-жылы Кыргызстанда өндүрүлгөн сүттүн көлөмү 1 миллион 627 миң тоннага жетти. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти

2019-жылы Кыргызстанда өндүрүлгөн сүттүн көлөмү 1 миллион 627 миң тоннага жетти. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөн. Өткөн жылдын январь-декабрь айларында республика боюнча 1627,8 миң тонна сүт өндүрүлдү, 38,0 миң тоннага, же болбосо 2,4 пайызга былтыркы жыл менен салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду.

Муну адистер республика боюнча саан уйлардын башы көбөйүшүнө байланыштырат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматка караганда, 2018-жылы Кыргызстан боюнча 1 миллон 627 миң уй болгон. Былтыр бул сан дагы 228 миңге өскөн.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости