Өспүрүмдүн оозунан электрондук тамеки жарылып кетти

Өспүрүмдүн оозунан электрондук тамеки жарылып кетти

Россиянын Саратов облусунда электрондук тамеки 17-жаштагы баланын өмүрүн алып кете жаздады. Анын оозунан тамеки жарылып кеткен. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя 25-январда Аткарс шаарында болгон. Өспүрүм олутту жаракаттары менен райондук ооруканын хирургия бөлүмүнө жеткирилген.

Эске салсак, буга чейин АКШда электрондук тамекиден бир адам көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости