Ошто окуучудан кургак учук оорусу аныкталды. Дагы 12 окуучуга жугушу мүмкүн деп шектелүүдө

Ошто окуучудан кургак учук оорусу аныкталды. Дагы 12 окуучуга жугушу мүмкүн деп шектелүүдө

Ош облусунун Араван районундагы мектептердин биринде окууган окуучудан, кургак учук оорусу аныкталды. Дагы 12 окуучуга жугушу мүмкүн деп шектелүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары, Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүн Гүлжигитовдун берген маалыматына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, учурда 12 окуучунун анализинин жыйынтыгы чыга элек. «Гүлбаар айылындагы Т.Бектенов орто мектебинде 1 окуучудан кургак учук оорусу аныкталды. 12 окуучудан анализдер алынды. Оору мектептин абасы нымдуу болгону үчүн козголушу мүмкүн деп жатышат. Мектеп СССР учурунда ашар жолу менен курулган. Учурда авариялык абалда. Имараты 2015-жылы жер титирөөдөн жабыркаган», — деп билдирди Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүн Гүлжигитов.

Белгилей кетсек, аталган авариялык абалдагы мектепте 550 окуучу билим алат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости