Ошто Борбор Азиядагы эң мыкты завод курулууда

Ошто Борбор Азиядагы эң мыкты завод курулууда

Кыргызстанда азыркы тапта ички жана тышкы миграция күч алып, жумушсуз жаштардын саны өсүп жаткан учурда өлкөбүзгө чоң завод-фабрикаларды куруу, жаштарды иш менен камсыз кылуу негизги маселе болуп саналат. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев жакында түштүк борбордо заманбап машина куруучу завод ишке кирерин маалымдады. “Бул ишкана Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки биринчи машина куруучу завод болуп эсептелинет. Завод Европанын заманбап жабдыктары, техникалары менен жабдылат. Бул заводдо энергетикалык жабдыктар – гидротурбинал, генераторлорлордун ар кандай түрүн чыгаруу пландалууда. Андан тышкары бул компаниянын жетекчиси Нурбек Осмоновдун сөзүнө таянсак, келечекте электромобилдерди чыгаруу пландалууда,”- деди Сарыбашев.

Ал бул өндүрүш ишканасы 3 гектар жерди ээлейт, ал эми ишкананын жалпы аянты 16 миң чарчы метрди түзөөрүн айтты. “Мындай ишкананын ачылышы шаардын жана республиканын экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошот, ал эми чыгарылган өндүрүш биздин гана өлкөнүн талабына эмес, өлкөнүн сыртына да керектелерине үмүт бар. Андан тышкары бир нече жаңы жумушчу орундары түзүлөт. Ушул ишкананын курулушуна абдан көп күч жана каражат жумшаган “Каганат инвест” холдингинин жетекчиси Нурбек Осмоновго терең ыраазычылык билдиребиз,”- деди шаар башчысы.

Заводду Кыргыз Унаа Курулуш компаниясы куруп жатат. Бул “Каганат инвест” холдингине караштуу компания болуп эсептелинет. Заводдогу иштөө процесси максималдуу автоматташтырылган. Бул заводду иштөөгө Европадан жогорку квалификациялуу адистер чакырылат. Негизи мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү үчүн ушул сыяктуу чоң завод-фабрикалардын курулушу ички жана сырткы миграцияны да токтотууга өбөлгө түзөт. Учурда Кыргызстанда жумушка жарамдуу жаштар иштин жоктугунан чет жакка кетип жатканы жашыруун эмес. Эгер мындай завод-фабрикалар курулса жаштар иш менен камсыз болуп, экономикабыздын өнүгүшүнө да салым кошушат.

Экинчиден, Кыргызстанга келген инвесторлорду, жергиликтүү ишкерлерди мамлекет өзү колдоого алып, аларга шарт түзүп бергени дурус. Чет өлкөдөн келген эскилиги жеткен автоунааларды сатып алгандан көрө, өзүбуздөн чыккан өндүрүштү колдоп, жаңы, заманбап техникаларды, унааларды сатып алганыбыз алда канча ыңгайлуу. Мамлекетти өнүктүрүү ушул сыяктуу чоң завод-фабрикаларды куруу, эли өзүнөн чыккан техникаларды колдонуу, ал эми арткандарын чет мамлекетке сата баштаса ошондо мамлекеттин абалы оңолуп, өнүккөн мамлекеттердин катарына кирет.

Бизде биринчи жолу машина жана техникалык жабдыктарды кура турган завод түптөлүп жатканы кубанычтуу. Оштогу ал заводдун биринчи этабы курулду. Курулуп жаткан заводго өтө кымбат баалуу, сапаттуу жабдуулар келип жатат. Ал ишкананын эң башкы багыты – бир гана автоунааларды эмес, станокторду да чыгарышат. Бул заводдун курулушун Борбор Азияда биринчи жолу ишке ашырылып жатканын мамлекеттик долбоор катары бааласак болот. Мисалы, жеке ишкер ишкана ачып, ага техникалык жабдыктар керек дейли, маселен, чөп таңгактагыч чыгарчу завод курганы жатат. Ал үчүн станок керек да. Ошол станокторду ушул завод чыгарып берет. Дагы бирөө велосипед чыгаргысы келсе, аларга велосипед чыгарчу станок даярдап берет. Ошондуктан, Кыргызстанда мындан башка да завод-фабрикалар ачылып, иштеп кетиши үчүн бул завод аларга техникалык жактан абдан жакшы мүмкүнчүлүктөрдү бере алат.

Азыр биринчи этапта “Ниссан” компаниясы менен бирдикте автоунааларды, электромобилдерди, электр эсептегичтерди, трубогенераторлорду чыгарат. Кичи ГЭСтерди курууга кызыккан ишкерлер трубогенерторлорду ошол өзүбүз чыгарган заводдон алса болот.

Чындыгында азыркы тапта Кыргызстанда кичи завод-фабрикалар бар. Алардын көпчүлүгү станок, техникалык жабдыктарды чет өлкөдөн же Кытайдан алып келишет. Эгер бул завод курулуп калса, техника-жабдыктарды алуу үчүн чет өлкөгө барбай эле, өзүбүздөн чыккан өндүрүштөн сатып алса ыңгайлуу жана бир топ каражатты, убакытты үнөмдөй алышат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости