Орусияда коронавирус жуктурган чет өлкөлүктөр депортацияланышы мүмкүн

Орусияда коронавирус жуктурган чет өлкөлүктөр депортацияланышы мүмкүн

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин коронавирус жуктурган чет өлкөлүк жарандар өлкөдөн депортацияланышы мүмкүндүгүн билдирди,-деп жазып чыкты «Борбор Азия жаңылыктар кызматы».

3-февраль күнү эртең менен жарыяланган маалыматка ылайык, Кытайда 2019-nCoV коронавирусун 17 238 адам жуктуруп, 361 киши өлдү. Мындан тышкары 2-февралда бул вирустан Филиппинде 44 жаштагы бейтап каза болгону кабарланган.

Өткөн жумада Орусиянын Забайкалье крайы менен Тюмень облусунда коронавирус жуктурган эки адам аныкталган — алар Кытайдын жарандары. Учурда Читадагы инфекциялык ооруканада жаткан бейтаптардын бири Орусиядагы шарттарга жана дарылоо ыкмасына даттанууда.

30-январда Орусия Ыраакы Чыгышта Кытай менен чек арасын кеминде 7-февралга чейин жапкан. Мындан тышкары аэропорттордо Кытайдан келген бардык орусиялык туристтер текшерилүүдө.

30-январда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус башка өлкөлөргө жайылып жаткандыгына байланыштуу эл аралык маанидеги өзгөчө абал жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости