Ооруканада жаткан аял баласын сагынып, өзүнө бычак менен кол салды

Ооруканада жаткан аял баласын сагынып, өзүнө бычак менен кол салды

Жалал-Абад облусундагы ооруканада жаткан аял өзүнө бычак менен кол салды. Бул тууралуу NazarNews маалымат агентигине Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 1992-жылы туулган аял психикалык жактан жабыркап, ооруканада жаткан. Аял өзүнө палатасында бычак менен кол салган. Дарыгерлер аны кербеттин жанында канга боёлуп жатканын көрүп медициналык жардам көрсөтүшкөн.

“Бул өзү 24-январда болгон. Дарыгерлер аны дарылаганды уланткан. Милицияга бул тууралуу маалымат түшкөн эмес. Милиция кызматкерлери текшерип жатканда, тагыраагы 17-февралда маалым болду. Милиция кызматкерлери аялды суракка алганда, ал баласын сагынып ушул жолго барганын айтты. Ал эгер жаракат алсам үйүмө жиберишет деп ойлогон. Аялдын эч кандай доосу жок экенин жана өз калоосу менен дарыланып жатканын айтты”,-дейт Нурдин Жээнтаев.

Аталган факт “Өз өмүрүнө кол салуу” боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости