Он алты жылда эки миң он эки палестиналык бала өлтүрүлгөн

Он алты жылда эки миң он эки палестиналык бала өлтүрүлгөн

Эл аралык балдарды коргоо кыймылы акыркы он алты жылда Израиль күчтөрү жана еврей отурукташуучулар тарабынан эки миң он эки палестиналык баланын өлтүрүлгөндүгүн билдирди.

Эл аралык келишимдер боюнча балдардын укуктарын коргоо максатында 1979 — жылдан бери иш алып барган Эл аралык балдарды коргоо кыймылы акыркы отчетунда палестиналык балдарга байланыштуу чындыктарды ортого чыгарды. Отчетто Батыш Шериа, Иерусалим жана Газада акыркы он алты жылда Израиль күчтөрү менен еврей отурукташуучулар тарабынан эки миң он эки палестиналык баланын өлтүрүлгөндүгүн билдирди.

Израилдин үй — бүлөлөрүн жазаландыруу үчүн балдардын сөөктөрүн жакындарына тапшырбагандыгы да билдирилди. Маалыматтарда кол тийбестик саясатынын палестиналыктарды өлтүргөн Израиль аскерлерин соттоосуна тоскоол болгондугу баса белгиленди. Отчетто айрыкча Израиль башкаруусуна блокада саясаты менен балдарды өлтүрүүнү токтотууга чакырылды.

Булак: "trt.net.tr"

Назар Новости