ӨЛҮМ БААРЫНАН УЛУК же бийликтеги кошоматчылык менен ыймандагы эки жүздүүлүктөн качан арылабыз?

ӨЛҮМ БААРЫНАН УЛУК же бийликтеги кошоматчылык менен ыймандагы эки жүздүүлүктөн качан арылабыз?

Белгилүү укук-коргоочу журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Нышанбек Кочкоров менен маек.

— Нышанбек мырза, акыркы жумада кыргыз элинин туңгуч президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин өлүмүнүн айланасында эл арасында ар кандай көз караштар уу-дуу болду. Интернетти карасаңыз эле ушул тема түрдүү талкууга алынып жатат. Жеке сиздин оюңуз кандай?

— Айтканың чын. Мен бир гана нерсени айтаар элем. Адам өмүрү өлүм менен коштолгондо ал жөнүндөгү баардык саясат жана ушак сөздөр токтоосу зарыл. Ошол үчүн кыргыздар “өлүм баарынан улук” деп айтып келишет. А бирок элде күнөө жок. Эл эмне үчүн антип айтып жатат? Анын да жүйөлүү себептери бар.

— Ошол себептерди эмнеден көрөсүз?

— Ал себепти Кыргызстандагы мамлекеттик саясаттын жана элдин адам өлүмүнө болгон мамилесинен, бечелдигинен көрдүм. Аскар Акаев жөнүндөгү чындыкка ал президенттиктен кеткенден бери Кыргызстанда канча бийлик алмашса да ага карата тике карай албагандыгы өкүнүчтүү. Карапайым калк Аскар Акаев өлкөдөн кеткенден бери анын ысмы менен сыймыктанаарын же жек көрөөрүн билбей келет. Акаевден бери Кыргызстанда 4 президент алмашты. Алардын бири дагы Аскар Акаевди кайсы бир кылмышка шектүү деп мобу турган Москвага барып сурак жүргүздүбү? Жок! Бүткүл Кыргызстан Акаевдин өз ыктыяры менен Москвадан жазып берген арызына ыраазы болуп, — эми сен Кыргызстанга келбе. Биз сага тийишпейбиз, — дегендей жашап келет. Өлкөдөгү карапайым эл бүгүн дагы Акаев кылмышкерби же жөн эле качып жүрөбү деп нукура чындыкты билишпегендиги канчалык өкүнүчтүү. Арадан 15 жыл өтсө да Аскар Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө бир дагы укуктуу так иш-чаралар жүргөн жок. Демек, аны айыпка тартууга мамлекеттин укуктук саясатынын дарамети келбей жүрдү. Бир нерсени унутпайлы. Акаевдин доорундагы бир да жетекчи жоопко тартылган жок. Андай болгондон кийин эмне үчүн аны каралап телтектейбиз? Муну ар ким өзү ойлонсун.

Ал эми Айдардын өлүмү боюнча. Айдар Акаев 43 жашында бул жарык дүйнө менен коштошту. Ал Кыргызстандан 28 жашында кеткен экен. Эмне болгондо да Айдардын өлүмү кыргыздардын көптөгөн бийик маданиятына бир аз шек келтиргендей болду. Анткени арадан 15 жыл өтсө да кыргыз бийлиги Аскар Акаев эмес анын уулу Айдар Акаевди да жоопко тарта алган жок. Бакиевдерге окшоп Акаевдердин сыртынан соттоо саясаты жүргөн жок. Тагыраак айтканда аны жүргүзө алышкан жок. Бүгүн эми Айдардын өлүмүнөн кийин анын артында мынча кылмыш иши бар эле, Майрам Акаеванын артынан да баланча миллион сом жетишпестик бар эле деген сөздөр айтылып жүрөт. Андай экен ошол Башкы прокуратура, ошол ИИМ жана өлкөнүн коопсуздук кызматтары же болбосо сот бийлиги эмне үчүн качкын президенттер жөнүндө көйгөйлүү маселелерди көтөрбөй келишет. Мен буга да түшүнбөйм.

— Мыйзам буга кандай карайт, ошондон кабарыңыз барбы?

— Эгерде мыйзамга баш ийсек мындай болбойт эле. Азыркы жазык кодексинин 62-беренесинде “Жазык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазык жоопкерчилигинен бошотуу” деген берене бар. Анда кылмыштардын түрүнө карата эскирүү мөөнөттөрү белгиленген. Анча оор эмес кылмыштардын эскирүү мөөнөтү 3 жыл, оор кылмыш жасаса 7 жыл, өзгөчө оор кылмыштар 10 жылда мөөнөтү эскирет деп так жазылган. Ал эми ошол берененин экинчи бөлүгүндө “эгерде кылмыш жасалган мезгилден тартып 15 жыл өтсө адам жазык жоопкерчилигинен бошотулат” деп турат. Мыйзамдагы мына ушул талаптар бүгүн да күчүндө. Ал эми туңгуч президентке болгон айыптоолор жана шектүү күмөндөрдүн мөөнөтүнө 15 жыл болду. Бул аралыкта бир дагы тергөө амалдары жүрбөдү. Аскар Акаев болсо кадимки Москва шаарында дүйнө коомчулугуна таанымал окумуштуу илимпоз катары заңгыраган хан сарайда жашап, өмүрүн улап келет. Ага карата эч кандай кылмыш куугунтугунун кыймылы көрүнбөйт. Карапайым эл болсо аны каргап-шилегенден тажабайт.

Ушундан улам бийлик жана укук саясаты, саясатчылар туңгуч президенттин инисинин жана чоң уулу Айдардын күтүүсүз өлүмүнө карата үн катыш керек эле. Эч ким эч нерсе дебеди. Жок эле дегенде мындай кайгылуу өлүмдүн маани-мазмуну жөнүндө дин аалымдары жана муфтият үн катпады. Ал гана турсун Айдардын тажиясына барган Акаевдин белгилүү чөйрөсү да (10 чакты адам) тымызын жашыруун баргандай мамиле жасашты. Ал эми Кыргызстандагы Россиянын элчилиги аралаштыбы же жокпу ал да белгисиз. Бирок буга карабастан дүйнө элдеринин окумуштуулары, белгилүү коомдук ишмерлер Аскар Акаевге көңүл айтышты. Айдардын тажиясына Россиядагы кыргыз диаспорасы жана айрым мигранттар барып боз үй тигишип, Акаевдин аза кайгысын теў бөлүшүп, кыргызча айтканда көз көрсөтүштү. Ошолорго ырахмат. Аскар Акаевди мигранттар түшүндү. Аскар Акаевдин бийлигин кыйраткан, анын дарегине олуттуу шек келтирген Курманбек Бакиев да телефон чалып көңүл айтты. Бул деген “ачтын кадырын ач билет” деген жагдай. Кандай болгондо да өлкөдөн сыртта жүргөн пенделер бири-бирин түшүнүп жаткандай. Кыргызстанда жалгыз гана “Жаңы Ордо” гезитинин жамааты Аскар Акаевге көңүл айткандай болду. Ошого да шүгүр дейбизби?

Мен Айдар Акаевдин өлүмүнөн кийин кыргыздарга кайрылат элем. Биз качан ыймандагы эки жүздүүлүктөн айрылабыз? Өлкөдөгү алдыңкы интеллигенция, жаман-жакшыны түшүнгөн нарктуу коомчулук Айдардын сөөгүн кичи мекенине коюлса жакшы эле болмок деп ойлонушту. А бирок элдин баатыры да, байкушу да өз оюн ачык айтпады. Анда бул өлүм жөнүндө ким айтыш керек эле? Кандай болгондо да Айдар кыргыз болуп төрөлүп, кыргыз болуп кайтыш болду. Бүгүнкү күндө ал жөнүндө бир да мыйзамдуу айыптоо өкүмү жок. Же динаятчылар Айдардын сөөгү Кыргызстанга коюлбасын деген диний түшүнүк же хадис айта алабы? Ушундан улам светтик саясатың менен диний көз караш бирдей өлүк сымал деңгээлде экенин кантип танабыз? Анын сөөгүн өз айылына койсо, өлүм улук дегендей карапайым эл арасында башка ой калмак.

Кыргыздар, тарыхтын барагына кайрылып көрөлүчү. Ар бир кыргыз өз жерине көмүлүш керек деген салт илгертеден өзгөчө талапта сакталган. Кадимки көлдүк Балбай баатыр 100 жыл мурда Верный шаарында (азыркы Алма-Ата) каза болсо да, анын этин шылып сөөгүн өз жерине алып келип көмүшкөн. Ошол Балбай кадимки Сарыбагыш уурусунун даңазалуу Ормон ханын өлтүрдү деп айыпталган. Кыргыздар ханды өлтүргөн адамды да этин шылып, сөөгүн капка салып келип өз жерине көмүп жатпайбы. Болбосо ханды өлтүрдүң эле деп Балбайдын сөөгүн казактын жерине таштап салышкан жок да. Мына ошондогу кыргыздардын улуулугуна таазим кылам.

Же болбосо дагы бир тарыхтагы адамдардын өлүмгө болгон мамилеси жөнүндө айта кетсем. 2004-жылы чыккан гректердин 3000 жыл мурдагы турмушу жөнүндө “Троя” деген фильмди көрбөгөн кыргыз калбаса керек. Эсиңердеби, ошол фильмде Троянын падышасынын чоң уулу Гектар Ахиллес баатыр экен деп анын инисин өлтүрүп алат. Ачуусу келген Ахиллес Трояга жалгыз келип, жеке кармашууда Гекторду өлтүрүп, анын сөөгүн атына сүйрөтүп алып кетет. Ошол эле түндө Гектордун атасы, Троянын падышасы Приям түн жамына Ахиллестин ордосу болгон боз үйгө кирип барып, — уулумдун сөөгүн кайтарып бер аны адамча көмөйүн, — дейт. Анын уулу үчүн жасаган кадамын баалап Ахиллес Гектордун сөөгүн кайтарып берип, — сен менин боорукердигимен мени душман болбой калды деп ойлобо, — деп эскертет да, — уулуңдун сөөгүн көмгүчө 12 күн согуш токтоп турат, — деп баатырдык шертин айткан. Ошондо Троянын падышасы, — душманыңды сыйлай билгениңе рахмат, — деп жооп айтат. Ошентип Гектардын сөөгүн көмүш үчүн Ахиллес бир нече күн согушту токтоткон. Мына адамдардын өлүмгө болгон мамилеси.

Мен Айдарды Ахиллеске же Гекторго салыштырган жокмун. Айтайын дегеним 3000 жыл мурда гректердин өлүмгө болгон мамилеси жөнүндө айтып жатам. А биз болсо Кыргызстан светтик өлкө анан да мусулман болуп 5 убак намаз окуйбуз. Баардык жерде Манастай айкөл бололу, Исламда эскерткендей сабырдуу бололу деп диний аалымдар менен Муфтий баш болуп тынбай сүйлөйбүз. Бирок кимдин өлүмүнө, кимдин тагдырына болсо да өлүк саясат менен карайбыз.

Бийликтин кубулма саясаты карапайым элди жолунан көп адаштырды. Акаев Кумтөрдөн акча жеген, үлүшү бар деген сөздөр элди алаксытуунун куралы катары кызмат кылгандай. Эмне үчүн 15 жылдан бери Канадага алыбыз жетпесе, жок дегенде Акаевдердин кылмыштуу аракеттери деген сөзгө чекит коё албайбыз? Эмне үчүн 3000 жыл мурдагы гректердей өлүмгө болгон мамилеге баа бергенди билбейбиз? Акаевден кийин болгон президенттер өз бийликтеринин гана кызыкчылыктары менен жашашты. Элдин түшүнүгүндөгү чындыкты адалдоого эч ким көңүл бурбады. Акаевден бери 3 ирет алмашкан Жогорку Кеңеш, 5–6 ирет алмашкан Башкы прокурор менен Жогорку сот бул теманы ойлоп да коюшпады. А бирок Акаевдик бийлик жана андагы белгисиз түшүнүктөр дале элди алагды кылып келет. Жакында бир досум айтат “- Сен билесиңби, Акаевден барып арыз жаздырып келген беш депутаттын үчөө камалып чыкты” деп. Ойлоп көрсөм бул да чын экен. Анан да туптуура 15 жылдан кийин Акаевдин уулу менен иниси өлүп, бул өлүм кыргыздарга сынак болгондой түшүнүк бергенсийт. А бизге болсо баары бир. Бийликке болсо Акаевдин Москвада кылдырап жүрө бергени пайдалуудай. А бирок мамлекеттин жана кыргыз деген улуу элдин кызыкчылыгын ким ойлойт? Айдардын өлүмү кыргыздардын салтына, наркына жана бүгүнкү саясатына олуттуу суроолорду жаратканын сезбей жатканыбыз да бир арман.

Кыргыз ушундай эл экенбиз, мындан 50–60 жыл мурда Раззаковдой залкар инсан уулубузду жок жерден каралап, ал Москвада жашап жүрүп көз жумган, ошол жердин топурагы буйруду. Исхак Раззаковдун өлүмү, тагдыры дале бизге сабак болбой жаткандай. Ошол Искак Раззаковдун сөөгүн кайра каздырып өз мекенине койдурган учур Аскар Акаевдин бийлиги экенин унутпасак. Анткени өлүм баарынан улук. Адамдардын жашоосундагы адилеттүүлүктү алар өлгөндөн кийин эмес тирүү кезинде баалай билүү гана чыныгы адамдардын иши деп ойлойм. Көзү өткөндөн кийин ал жомок сыяктуу мазмунга ээ болот. Андыктан ар бир өлүм саясаттын жана түркүн ушактардын токтогон жери болоорун билип, өмүр менен өлүмдүн ортосундагы чындыкка таазим кылганды үйрөнсөк болот эле.

Ал эми жеке мен өзүм Аскар Акаевге, анын үй-бүлөсүнө көңүл айтам.

Маектешкен М.Аскаров

Булак: «Жаңы Ордо»

Назар Новости